«Кыргыз алтындын» башчысы парламенттин жыйынына катышпай, «Кумтөрдөн» акча алып отурат, - депутат

20 февраля 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-февралдагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Суу кодекси, «Суу жөнүндө» мыйзам) мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат.

Анын жүрүшүндө Кожобек Рыспаев (КСДП) бул мыйзам долбоору азыркыга чейин кабыл алынбай жатканына ким күнөөлүү экенин сурады. Ал эми айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бул суроого жооп бере албай турганын айтты.

«Канча убакыттан бери «Кумтөр Голд Компани» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатасыңар. Кумтөрдүн жана Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинде отурган адамдар 18-20 миң доллардан алып жатышат. Алар жок дегенде бир жолу биздин мөңгүлөр тууралуу сураштыбы?», - деди депутат.

Ж.Керималиев бул маселе анын компетенциясына кирбей турганын айтып, «Кыргыз алтындын» өкүлү жооп берсин деп суранды. «Кыргыз алтындын» жетекчисинин орун басары Мурадил Жумадилде уулу жооп берүүгө аракет кылып жатканда анын сөзүн К.Рыспаев бөлдү.

«Мен сени жакшы билем, мурда менде иштегенсиң. Ал жакта жаңы эле иштеп жатасың, азыр эч нерсе билбейсиң», - деди депутат.

Анын айтымында, «Кыргызалтындын» жетекчиси парламенттин отурумуна катышпайт.

«Ал бул жерге келип, суроолорго жооп бергенин жок дегенде бир жолу көрдүңөр беле? Бирок ал башкармалыктын башчысы болуп отуруп «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан акча алып жатат», - деп кошумчалады К.Рыспаев.
 

Источник: Баракелде