Конституциянын беш беренеси күчүнө кирсе эмне өзгөрөт?

Автор: Азиза Марат кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
Обратите внимание на дату публикации.

Өткөн жылы өзгөртүлгөн Конституциянын беш беренеси декабрда күчүнө кирип жатат. Баш мыйзамдын ал беренелерине ылайык, негизинен парламенттин жана премьер-министрдин укуктары өзгөрүп жатат.

1-декабрдан тарта Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине кирген өзгөртүүлөр иштей баштайт.

70-берене парламенттеги коалициялык көпчүлүк боюнча. Андан чыгыш үчүн фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси макул болуп, аны кол коюу менен бекитиш керек.

72-берене премьер-министр менен биринчи вице премьер-министрдин укугу тууралуу. Жогорку Кеңештен шайлангандан кийин эми алардын депутаттык мандаты сакталат. Жалпы жыйында добуш бере алат. Өкмөттөн кетсе, депутаттык орду сакталат.

75-берене спикер боюнча. Парламентте коалиция тараса, төраганы да кайра бекитиш керек болот.

81-берене президенттин мыйзамдарга вето коюу укугу тууралуу. Мурда салык жана мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамдарга сөз жок кол коюуга милдеттүү болсо, эми премьер-министр кайрылган учурда кол койбой, парламентке кайрып бере алат.

87-беренеге ылайык, өкмөттүн куралышы Жогорку Кеңештен көз каранды. Жаңы чакырылыш келгенде өкмөт кетип, парламент башкасын курайт.

Ушул эле берененин башка пункту боюнча, коргонуу жана коопсуздукту караган өкмөт мүчөлөрүнөн башкасын президент премьер-министрдин сунушу боюнча кызматтан алышы мүмкүн.

 

“Коомдук анализ институту” коомдук бирикменин директору Рита Карасартова беренелер өкмөт башчыга көп укук берип, парламент дагы алсыздандырылып жатат деген ойдо, мисалы, 81-берене, мыйзамдарды кабыл алуу боюнча:

“Мисалы, өкмөт бюджет долбоорун премьер-министр алдында даярдайт. Аны Жогорку Кеңеш карап, “бул маселеге да каражат тап” деп бир беренени кошуп, бекитип коюшу мүмкүн. Анда өкмөт башчы президент менен сүйлөшүп, кол койдурбай коюу шарты түзүлүп жатат. Бул жерде Жогорку Кеңештин колундагы маанилүү акыркы чечимди алып, премьер-министрге берип жатат”, - деди Карасартова.

Карасартова 75-берене менен эми спикерди да туруксуздаштырып, анын кызматын коалиция түзүлгөн сайын соодалашуу шарты жаралууда дейт.

Ал ошондой эле жаңы парламенттин келиши менен өкмөт да кайра куралыш керек деген 87-берене маанилүү экенин айтты:

“Себеби эмнеде, Жогорку Кеңештеги 120 орун шайлоодо жүгүргөндөрдүн баарына жетпейт. АларА акчасын коротот, иштеп берет. Анан аларды ыраазы кылыш керек да, өкмөттөн орундарды даярдап коюшат. Мурда деле өкмөттөгү орундарды соодалашып келишкен, эми ошо жетпей, мыйзамдаштырып, Конституцияга киргизип коюшту”.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулованын айтымында, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр парламентти же андан башка бийлик бутагын күчтөндүрүүнү көздөбөйт. Ал муну баары бир адамдын кызыкчылыгына ылайыкталган дейт.

 

“Президенттин инаугурациясы өткөндөн кийин коалиция ыдырап, жаңы өкмөт түзүлөөрү белигилүү болуп калды. Андан ары премьерликке ким келишине байланыштуу. Мунун баары бир эле адамга ылайыкталган. Фракция лидерлери бири камалап, бири качып, ансыз да алсыратылган, эгер Алмазбек Атамбаев келсе, парламентти толугу менен колго алат. Эгер таасирге кире турган, депутаттардын арасынан кол бала премьерди койсо, анда дагы КСДП фракциясынын премьерди көзөмөлдөп турушуна жол ачылып жатат”, - деди Сооронкулова Би-Би-Сиге.

Бирок КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, президенттик шайлоого таасир бербесин деген максатта бул беш берене декабрда ишке кирип жатат.

Анын билдиришинче, өзгөртүүлөр, коалицияны туруктуу кылат, коалициянын улам тарашына спикер кызыктар болбош үчүн кайра шайланат жана өкмөт менен парламенттин арасында тең салмактуулук жаралат:

“Бюджет мыйзамынын кайтарылып келиши парламенттеги популизмди ооздуктайт. Айрым учурда каражаттын булагы белгисиз болсо деле мыйзамды кабыл алып жатышат. Туура, өкмөт башчысына көбүрөөк күч берилип жатат, анткени парламент менен тең салмактуу болот. Ал эми парламентте өкмөттү кетирүү укугу толугу менен кала берет, парламент күчүн жоготкон жок”.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов конституциялык өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан жарандык коом менен былтыркы жолугушуусунда алар элди алдап жатат деген.

“Өзгөртүүлөр аркылуу парламент алсызданат деген жалган. Жогорку Кеңештин укуктары абдан кеңири. Кайсы бир өзгөртүү бийлик бөлүштүрүү принцибин бузган болсо, аны парламентти алсыздатуу деп атаганга болбойт. Премьер-министрлик кызматты узурпациялоо деген жалган. Бийликке Атамбаев келет деген жалган, ага мунун эмне кереги бар, келбейм деп канча жолу айтты”, - деген эле Ниязов.

2010-жылы кабыл алынган Конституцияга өткөн жылкы референдумда 29 өзгөртүү киргизилген. Беш беренеден башкасы мурда иштей баштаган.

Референдумга шайлоочулардын 40 пайыздайы келип, анын 80 пайызы өзгөртүү үчүн добуш берген.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си