Конституция баскан кыйын жол

Автор: Бакыт Торогелди уулу
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына бүгүн, 5-майда 24 жыл болду. 1993-жылы дал ушул күнү «Легендарлуу парламент» деген ат менен элдин эсинде калган 350 депутаттан турган Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды кабыл алган.

Үч бийлик өзгөрткөн Конституция

Кыргызстандын Конституциясы 24 жыл аралыгында 9 жолу оңдоп-түздөөгө, түп тамыры менен өзгөртүүлөргө дуушар болду. Баш мыйзам өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин бийлиги тушунда төрт ирет, кийин мамлекет башына келген Курманбек Бакиевдин убагында үч жолу өзгөртүлдү.

2010-жылдагы апрель окуясынан соң ушул эле жылдын 27-июнунда бүткүл элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жаңы Конституция колдонууга берилди. Анда Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Бирок, учурдагы бийлик өлкөнүн негизги мыйзамындагы айрым мүчүлүштүктөрдү бетине кармап, 2016-жылдын декабрь айында Конституцияны референдум жолу менен 9-ирет өзгөрттү.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап, Баш мыйзамга кирген акыркы жаңычылдыктар чексиз бийлик орнотом дегендерге бөгөт койгонун айткан. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады:

«2010-жылы апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Баш мыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарды.

Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик. Ошентип, мындан ары бизде ким бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды -Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды».

Атамбаев аны менен катар декабрь референдумунан кийин тышкы күчтөрдүн кыргыз элине болгон таӊулоолоруна жол жабылып, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунга чыкканын кошумчалаган.

Жаңы кабыл алынган Конституция быйыл 15-январдан тарта күчүнө кирди. Анын айрым беренелери ушул жылдын аягында иштеп баштайт.

«Конституция элден алыстады»

Деген менен, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова кайсы гана бийлик келбесин Баш мыйзамды өзгөртүп жатканын сындап буларга токтолду:

«Ар бир бийлик келген сайын Конституцияга улам өзгөртүү киргизе берип анын баркын кетиргенге аракет кылышты. Биздин Баш мыйзам бийликтин куралы, саясий соодалашуунун куралы болуп калганына кейийбиз. Ошол эле учурда Конституция бул элдин гаранты болушу керек эле».

Конституцияга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр оппозициянын катуу каршылыгы менен коштолду. Жарандык коомдон түзүлгөн атайын топ элди референдумда каршы добуш берүүгө дагы үгүттөштү.

Философия илимдеринин доктору, коомдук ишмер Кусеин Исаев Баш мыйзам жылдан-жылга элдин кызыкчылыгын коргоодон алыстап баратканын айтууда:

«Ким бийликке келсе эле Конституцияны алмаштыруу аракетин көрөт. Ошондуктан ал уламдан-улам элден алыстап, элдин мүдөөсү Конституцияда чагылдырылбай калып жатат. Андыктан биз аны элдик жана ал такай иштей тургандай кылышыбыз керек».

Ал эми президент Атамбаев жаңы мыйзамдар жыл айланбай жемишин берип, сот реформасын алдыга жылдыраарын, судьялардын көз карандысыздыгын камсыздап, прокуратура мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн гана органга айланаарын убада кылган.

«Баш мыйзам бийлик бутактарын тең салмакташ керек»

«Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси Рита Карасартова «Конституция бийликтин үч бутагын тең салмакта кармап турушу керек» дейт.

«Мамлекетибиздеги укуктук системанын фундаменти бул Конституция. Баш мыйзамда болгону эки гана маселе чечилет. Алар биз мамлекетте кандай баалулуктарды аркалайбыз жана аларды ишке ашырыш үчүн мамлекеттин түзүлүшү кандай болушу керек. Ошол түзүлүштү камсыз кылыш үчүн үч бийлик бутагынын ортосундагы ыйгарым укуктар тең салмакта бөлүнүп, тең салмактуулукту ишке ашыруу зарыл».

2016-жылдын 11-декабрында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум болуп, ага шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Жалпы элдик добуш берүүдө Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү шайлоочулардын 80 пайызга жакыны колдоп, 16 пайызы каршы добуш берген.

11-декабрда кабыл алынган жаңы Конституция 2016-жылдын 30-декабрында «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган.

Источник: maralfm.kg