Жантөрө Сатыбалдиев: "ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишмердигинен саясий кызыкчылыктарды байкадым" (маек)

Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия алдыңкы аптада жыйынтыгын парламент жыйынында угузмакчы. 2-майда SUPER.KG порталына аталган комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кредиттик келишимди түзүүдө мүчүлүштүктөрдү кетирген деп пикир билдирген.

Буга байланыштуу ЖЭБди модернизациялоо боюнча кредиттик келишим түзүү иштерине катышкан 2013-2014-жылдардагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен маек куруп, анын дарегине айтылган сындарга жооп алдык.

– ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия буга чейинки жыйындарында сизден эмнелер жөнүндө сурады?

“Сизге ТВЕАны ким тааныштырды эле?” деп суроо беришти. Мага аларды эч ким тааныштарган эмес. Ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мага “ТВЕАдан сунуш түшүп жатат” деп расмий кат менен кайрылган. Бул компаниянын жетекчисин биринчи жолу 2013-жылы 1-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон сапарымда көрсөтүшкөн. “Ушул киши силерге барып иштейт” деп Кытайдын расмий адамы тааныштырган. Насыя боюнча келишим түзүлгөндөн кийин компаниянын жетекчилигин кабыл алгам. Аларга кошулуп Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов (ошол учурдагы “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси) жана ушул тармак боюнча жооптуу вице-премьер келген.

- ЖЭБ чыры боюнча Айбек Калиев, Салайдин Авазов сыяктуу бир нече чиновниктердин кармалышына пикириңиз кандай?

- ЖЭБдеги курулуш, авария жана кредиттик келишим боюнча иштерди өз-өзүнчө карашыбыз керек. Балким булар курулуш же авария боюнча кармалгандыр. Азыр так айтыш кыйын.

- ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү документтерде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин да ысымы чыгып жатканын билдирип жатышат. Анын кандай тиешеси болушу мүмкүн?

Алмазбек Атамбаев мага өкмөт башчы катары түздөн-түз эч кандай тапшырма берген эмес. Азыркы Коопсуздук кеңеши ал учурда Коргоо кеңеши деп аталчу. Ошол жылдары кыш оор болгондуктан ЖЭБдин ишин тездетүү боюнча тапшырма Коргоо кеңешинин жыйынынын резолюциясына кошулган. Ошол жерде колу болушу мүмкүн.

- Ушул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга көз карашыңыз кандай?

- ЖЭБде авария болгондо эле журналисттерге “бул боюнча мамлекет тарабынан кесипкөй комиссия түзүш керек” деп айткам. Кийин гана баа бериш керек. Өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы, парламенттин депутаттык комиссиясы бул боюнча иш алып барды. Мен карыз ал деп бирөөгө ыйгарым укуктарды бергенмин. Курулуш боюнча келишимде дагы менин эч кандай тиешем жок. Бирок азыр бизде жаман бир тенденция пайда болду. Бирөө айтып койсо эле ошону чындык деп кабыл алып жатабыз. Чындык чыркырап калууда. Курулушка Кыргыз өлкөсү да, Кытай да катышкан. Кытайды "алдап кетти" деп күнөөлөгөнүбүз туура эмес. Алар бизге карызды зордоп берген жок.

- Кытайдан 386 миллион доллар карыз кандай шарттар менен алынды эле?

- Кытай тарап келишимдин башында насыяны 2,8 пайыздык үстөк менен берип, 7 жыл жеңилдетилген мөөнөт беребиз дешкен. Биздин Эл аралык валюталык фонд менен түзгөн келишимибиз бар. Анын шарты боюнча мындай татаал шарттар менен биздин өлкө насыя ала албайт болчу. Буга байланыштуу мен Кытайга кайрылып, үстөк пайызды 2,8 пайыздан 2 пайызга азайтып, насыя төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөттү 7 жылдан 11 жылга узартууну сурангам. Алар макул болушту. Кийин карыз алынды. 386 миллион долларлык насыя мамлекеттин эмес Энергетика министрлигинин карызы болуп калды.

- Алынган насыя боюнча талаш-тартыш маселелер Кытайдын мыйзамына ылайык гана чечилет деген канчалык туура?

- Биз пикир келишпестиктер чыгып калса маселени чечүү үчүн Стокгольм менен Москва арбитраждык сотун сунуштадык эле, бирок Кытай тарап кабыл алган жок. Кытай Гонконг арбитраждык сотуна макул болсоңор гана насыя беребиз деп шарт койгон. Өкмөт мүчөлөрү болсо “эми биз арбитраждык сотко чейин жетпейбиз да” деп мени ишендиришкен. Бүгүнкү күндөгү биздин эң чоң өнөктөшүбүз - Орусия менен Кытай. Азыркы ызы-чуубуздан улам Кытай сөзсүз түрдө сотко арызданышы мүмкүн. Эгер Кытай кадыр-баркы үчүн арбитраждык сотко берсе, Гонконгго барышыбыз керек болот.

- Курулуш иштерине ким жооптуу болчу?

- Курулуш боюнча өкмөттүн 2014-жылдын февралында чыккан атайын токтому бар. Кредиттик келишим ишке ашкан соң тийиштүү бардык мекемелер курулушка көмөктөшсүн деп тапшырма берилген. Эки өлкө тең курулушка аралашкан.

- Эксперттер ЖЭБди модернизациялоо иши кымбат бааланып калган деп сындашууда. 386 миллион доллар деген сумма кайдан келип чыккан?

- Эл аралык ченемге ылайык, 1 киловатт электр энергиясы 1 миң 300 доллардын тегерегинде бааланат. Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, 1 киловатт электр энергиясы 1 миң доллардан 2 миң долларга чейин бааланат. Биздин ЖЭБ болсо жалпы 386 миллион долларга бааланган. Анын ичиндеги шаймандардын кандай болушун буюртмачы талап кыла алат, бирок анын баасына кийлигишпейт. ЖЭБдеги модернизациялоодо болсо 1 мегаватт электр энергиясы 12,8 миллион долларга бааланган. 2013-жылы июлда модернизация баасын аныктоо үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ага депутаттар да кошулган. Эсептеп чыгып ушул баага токтолушкан. ЖЭБ боюнча кесипкөйлөрдөн куралган комиссияны түзүш керек. Азыр да кеч эмес. Андан сырткары биздин энергетика тармагыбызды энергетик эместер башкарып келүүдө. Бул да таасирин тийгизип келди. Эгер 386 миллион долларга бааланганына ишенбей жатышкан болсо, кайрадан эл аралык ченемдерге ылайык кайрадан эсептеп көрүшсүн. ЖЭБдин баасын атайын адистер текшерип, “туура” деп баа беришкен. Эми биз саясатчыларга, серепчилерге ишенебизби же адистергеби, кеп ушунда.

- Депутаттык комиссиянын адилеттүү иш алып барышына ишенесизби?

- Күнөөлүүлөргө УКМК менен прокуратура гана чара көрө алат. Ошолор гана аттарын атайт. Депутаттык комиссия саясий гана баа берет. Бирок депутаттык комиссиянын ишмердигинде саясий кызыкчылыктар бар экенин көрө алдым. Менин колумда бардык документтер бар. Күнөөм жоктугун далилдей алам. Андан сырткары жаңы курулган агрегаттар жакшы эле иштеп жатат.

- ЖЭБди куруп берүүгө кытайлык ТВЕАдан башка компаниялардан да сунуш түштү беле? Эмнеге сөзсүз ушул компания тандалган?

- ЖЭБди модернизациялоо боюнча ТВЕАдан сырткары 4 компания сунуш берген. Бирок алардын баалары ТВЕАныкынан кымбат болгон. Айрымдары бизге ылайык келбеген шарттарды сунуштаган. Мындан сырткары Кытайдын биздин өлкөдөгү элчилигинен нота келип, “ТВЕА биз берип жаткан акчаны жакшы иштетип бере алат” деген сунуш түшкөн. Ошого ушул компания тандалып калды.

- Депутаттык комиссия күнөөнү сизге оодарышы мүмкүнбү?

- 1998-жылы экс-премьер-министр Апас Жумагуловдун учурунда эле ЖЭБди модернизациялоо боюнча маселе көтөрүлгөн. Аракеттер болсо 2001-жылы башталган. Бул иш баары бир болмок. Бирок менин учурума туура келди. ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кудайдын алдында, өз абийирим алдында жооп бере алам. “Кайнене саймачы, болсо келинин да саймачы деп ойлойт” деген сөз бар. Парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү бизнестен келген балдар. Алар иштерин ар кандай жолдор менен бүтүрүп көнгөн. Базардан келгендер баарын өзүндөй ойлой берет экен. Өткөн-кеткен чиновниктерди күнөөлөй берген туура эмес. Мен мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын.
http://www.super.kg/kabar/news/230453/

Источник: super.kg