Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун доору өткөн, булар Бакыт Төрөбаевди сунуш кылбаса ал бирикмеден чыгат”

Обратите внимание на дату публикации.

- Саясатчылар Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыга турганын жарыялашты. Бул бирикменин келечегин кандай элестетесиз?

— Негизи Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун доору өттү, бул үчөөсүн эл анчалык деле колдобойт. Бакыт Төрөбаевде болсо бир аз перспективасы бар. Бирок, Төрөбаев же оппозиция эмес же бийликти жактабай ортосар болуп келет. Эми оппозиционерлер менен биригип алды, калганын убакыт көрсөтөт.

- Бул саясатчыларды трайбалисттик кызыкчылык бириктирип жаткан жокпу, анткени, төртөөсү тең бир региондон чыккан саясатчылар эмеспи?

— Албетте, бул саясатчылар ошол жагын да эске алды. Келдибеков, Ташиев, Мадумаров өзүнчө чыга турган болсо шайлоодон добуш топтой албай тургандарына көзү жетти. Ошол үчүн да Төрөбаевге кошулууда.

— Эми бул саясатчылардын кимиси талапкер болушу мүмкүн?

— Менин оюмча, Төрөбаевди чыгарышы мүмкүн. Бирок, булардын амбициялары ага жол береби, ал башка маселе. Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун доору өткөн, булар Бакыт Төрөбаевди сунуш кылбаса ал бирикмеден чыгышы мүмкүн. Менин божомолум ушундай.

Источник: focus.kg