Чынара ЭСЕНГУЛ, саясат таануучу: «Түрк авиакомпаниясы ачык эле жоопкерчилик тарткысы келбей жатат»

Обратите внимание на дату публикации.

- «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан «Дача-Суу» айылында 16-январдын таңында «Боинг-747» учагы кулап, 40ка чукул мекендештерибиздин өмүрүн алып кетти. Бул учактын Кыргызстанга май куюп алуу үчүн конмокчу болгону тууралуу буга чейин маалымат айтылган. Бирок, түрк тарап учакты кандайдыр бир жүктөрдү түшүрүү үчүн Кыргызстанга конмок деп билдирүүдө. Буга кандай карайсыз?

Түрк тараптын мындай билдирүүсү — жоопкерчиликтен качуу аракети. Авиакатастрофа – бул эч ким атайылап пландабаган кырсык, бирок эки тараптын аргументациялары эки башкача боло тургандыгын күтүүгө болот эле. Түрк авиакомпаниясы ачык эле милдеттенме тартууну каалабай жатат, ал эми биздин мамлекет Боингти май куюп алуу үчүн конгону аткан деп айтууда. Бул жерде саясый дагы, техникалык дагы учурлар бар. Кара жащикти расшифровка кылгандан кийин кандайдыр бир фактологияны табууга болот. Эксперттик комиссия түрдүү тараптардан болот: Россия, АКШ, Түркия жана Кыргызстан. Андыктан азырынча экспертизанын жыйынтыгын гана күтүүгө туура келет. Ошондон кийин гана кимдин аргументи чындыкка жакын экени билинет.

- Түрк тарап эмне себептен жоопкерчиликтен качып жатышат деп эсептейсиз?

— Мындай түрдөгү катастрофалар – өтө чоң материалдык чыгымдарды алып келерин унутпашыбыз керек. Материалдык чыгымдардан сырткары кыргызстандыктарга келтирилген эч ким, эч кандай баа менен баалай албай турган моралдык чыгымдар бар. Бул жерде өтө чоң акча бар, себеби алардын күнөөсү далилденгенде өтө чоң материалдык чыгым тартышат. Ал эми бул жерде бизнес логикасы ишке киргенде, алар коомчулукка өздөрүн күнөөлүү эмес кылып ишендириш үчүн каалагандай тарыхты ойлоп чыгаруулары мүмкүн. Мындай бардык жерде болот. Кыргызстан фактыларды келтирип жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек. Биздин техникалык мүмкүнчүлүгү бар достор «кара жащикти» расшифровка кылууга жардам беришет деп ишенем. Түрк кесиптештердин позициясы белден ылдый согулган сокку болууда.

Источник: Focus.kg