Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары: “Жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”

Обратите внимание на дату публикации.

-        Төрөбай мырза, Жогорку Кеңеште жаңы коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрүп жатат, кайсы фракциялар менен жолугуп жатасыздар?

-        Парламентте жаңы көпчүлүк коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бүгүн “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөр болду. Аларда коалиция жана өкмөттүн курамы боюнча өздөрүнүн талаптары жана сунуштары бар. Азырынча бир нерсе айтууга эрте. Анткени, бүгүн “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары менен гана сүйлөшүүлөр болду. “Кыргызстан” боюнча баары түшүнүктүү. Бул фракция коалицияда болгон, өзгөчө карама-каршылыктар деле жок. Башкалар менен жолуккандан кийин чечим кабыл алабыз.

-        Коалицияга кирүүгө макул болуп жаткан фракциялар кандай талаптарды коюп жатат?

-        Коалиция жана өкмөттүн курамына байланыштуу ачык сунуштар расмий түшкөн жок. Ар бир партиянын өзүнүн программасы жана стратегиясы бар, аларды шайлоочулардын алдында аткаруу керек. Эми анын баарын сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөтөт. 

Источник: Focus.kg