Б.Калмаматов: Өкмөттү курап жана таркатууга президенттин аппарат башчысынын тиешеси жок

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде - «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматовдун маеги.

- Президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек деп билдирди. Бул парламентке карата ишарат эмеспи?

- Ал карапайым адам эмес, мамлекет башчысынын аппарат жетекчиси экендигин эстен чыгарбоого тийиш. Мындай билдирүүлөрдөн мурун, өкмөттүн ишин, элдин талабын таразалап алыш керек эле. Себеби, Сатыбалдиев мырзанын мындай билдирүүсү өкмөт ойдогудай иштеп атат дегендикке жатат. Өкмөттү курап жана таркатууга президенттин аппарат башчысынын тиешеси жок. Өкмөттү кураган соң, ийгилик, кемчилиги да парламенттин талдоосунда.

- Өкмөттү калтыруу аракетинде эл өкүлдөрү арасында акча да сунушталууда деген кеп чыкты...

- Андай кептерди көбүнесе журналисттердин суроолорунан угуп атам. Бирок, кандай болгон күндө да, бул мамлекеттин жана жеке кызыкчылыгынын абийир алдындагы тандоосу. Биздин фракциянын принцибинен улам, кандайдыр пара же кызмат сунуштагандан бүгүн өкмөт коркот.

- Фракция демекчи, Ата Мекендеги жаштардын өзөгүн жаштар канатынын үч лидери түзөт элеңер. Гүлниза араңардан мандатын тапшырып кетип атканда Жоомарт экөөңөр неге каршы турбадыңар?

- Жоомарт, Гүлниза жана бир топ жаштар мындан бир топ жыл мурун саясаттагы жолубузду ушул партияга байлаганбыз. Кызмат же депутаттык мандат партиядагы биздин негизги максаттардан эмес эле. Бизди партиянын идеясы жана 20-жылдык тарыхы, тажрыйбасы бириктирген. Мындай биримдиктин түбөлүктүүлүгүнөн шегим жок. Партиялашым Гүлнизанын депутаттык мандатын тапшырып, парламенттеги жаштардын санын азайтканы өкүнүчтүү. Башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу парламенттен кетиши анын өз эрки жана жеке тандоосу.

- Партиялашыңыз Жоомарт Сапарбаевди Текебаевдин буйругун аткарып, өкмөт башчыны сынга алып жатат деген сөздөр айтыла баштады. Буга кандай пикирдесиз?

- Массалык маалымат каражаттарына берилген ар бир маекти буюртма дегендер алар ар дайым бирөөнүн буйругун аткаргандар же бирөөгө ар дайым буйрук берип жумуш бүтүргөндөр. Канткен күңдө да өкмөттү таркатуу демилгеси тигил же бул жеке бир депутаттын эмес, жалпы фракциянын чечими. Ал эми фракциянын чечимин ар бир депутат өз эрки менен, өз жоопкерчилигине жараша канааттандырат. Жоомарт Сапарбаев бүгүнкү күндө өкмөттүн, анын ичинде өкмөт башчынын кемчиликтери жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу шайлоочулары менен ой бөлүшүүдө. Эң кызыгы партиялашым Жоомартты буюртма аткарып жатат деген маалыматты таркаткан булак кимдин буйругун аткарып жатты экен.

Источник: Баракелде