Айып пулдун көлөмүн азайтуудан бюджет канча сом жоготот?

АКИpress -  «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери кылмыш ишин козгоо боюнча 2 миллион 367 миң токтом кабыл алынган. Бул тууралуу 18-майда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жогорку кеңештин комитети жол эрежесин бузгандыгы үчүн бир катар айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоорун карады.

«Бүгүнкү күндө 1 млн 561 миң төлөнүп, бюджетке 1 млрд 721 мдн 716 миң сом түштү. Айыптардын өлчөмүнүн төмөндөшүнөн бюджет 367 миллион сом жоготот», - деди Саркулов. Ал жоготуулар мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана болорун, а видеокөзөмөл тутумун тейлеген «Вега» компаниясы келишимге ылайык өз бөлүгүн алууну уланта берерин кошумчалады.

Источник: Баракелде