Эмилбек Каптагаев: «Азыр эл бийлик органдарынан көз каранды эмес»

Азыр эл бийлик органдарынан көз каранды эмес. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Учурда элдин калың катмары бийлик органдарынан көз каранды эмес экендиги, өкмөттүн бары же жогуна, анын иштеген же иштебегенине карабай өз оокатын өзү кылып, өз жанын өзү багып жатканы турмуш чындыгы. Бишкекте бийлик миң алмашса дагы баягы эле малын багып, жерин айдап, чөбүн чаап... Базарда соодасын кылып... Же дагы бир жерде кара жанын карч уруп иштеп жүрүшөт... Мамлекетти мамлекет кылып кармап турган мына ушул мээнеткеч катмар... Биздин карапайым жарандар...

Ошондуктан, «өлкөнү өнүктүрүп жиберебиз» - деп ар кандай стратегия жазып жаткандар мына ушул маанилүү факторду көңүлдүн борборунда кармашы абзел. Мамлекет тарабынан биринчи кезекте мына ошол өз оокатын өзү кылып жаткан карапайым элдин каржы булактарына доо кетирбегендей, тескерисинче, аларга өбөлгө боло тургандай, кирешелеринин туруктуу жана көбүрөөк болушуна огожо боло тургандай чаралар ишке ашырылышы зарыл...», - деп кошумчалаган саясатчы.

Источник: nazarnews.kg