Баракелде - Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров «Биринчи радионун» түз эфиринде Кыргызстандагы эттин баасы боюнча пикирин билдирди.
«Малды Кыргызстандан Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарып жатышат. Бул өлкөлөрдө эттин баасы 100-150 сомго жогору. Эгерде уй эти Кыргызстанда 450 сомго сатылса, өлкөдө уй этинин орточо баасы — 427 сом, Өзбекстан менен Тажикстанда 550-600 сомго сатылат. Биздин өндүрүүчүлөр малды жана этти ошол жактарга экспорттоого аракет кылышат», - деди Сабиров.
Ал Казакстанда Кыргызстанга салыштырмалуу эт арзан экенин кошумчалады. Россияда кымбатыраак.
«Бизде эт салыштырмалуу арзан, ошондуктан коңшу өлкөлөргө экспорттошот», - деди Сабиров.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө азык-түлүктөр гана эмес, малдын тоюту дагы кымбаттап жатат.
«Былтыр 14 категориядагы товарларга мониторинг жүргүзсөк, учурда 64 категориядагы азык-түлүктөргө мониторинг жүргүзүп жатабыз. Анын ичинде малдын тоюту да бар. Малдын тоюту орточо 5-6 пайызга кымбаттаган», - деди Сабиров.