Акылбек Жапаровдун жубайынын иши эмне болду?

10 декабря 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Акылбек Жапаровдун жубайынын иши УКМКга өткөрүлүп берилди, деп билдирди бүгүн, 10-декабрда Каржы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев журналисттерге жооп берип жатты.

«Акылбек Жапаровдун ишин биз козгогонбуз, бирок УКМК алды. «МИС» боюнча 90 млн сом, анын 30 млн сомун биз өндүрдүк», - деди Жапыкеев.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча башкармалыгы «МИС» ачык акционердик коому тарабынан ири суммадагы салык төлөнбөгөнүн аныкталганы белгилүү болгон.

«МИС» ААК Ысык-Ата районунда коммерциялык, өндүрүш жана айыл чарба багытындагы кыймылсыз 30 мүлккө ээлик кылып туруп, милдеттүү кепилдик жана башка социалдык төлөмдөрдү жүргүзбөгөндүгү аныкталды. Ошондой эле соңку бир нече жылда салык отчету тууралуу жалган маалымат берип турган. Муну менен мамлекеттик бюджетке 90 млн сом зыян келтирилген.

Каржы полициясынын маалыматына караганда, «МИС» ААКтын негизги акционерлери болуп 2 юридикалык жак саналат. Алар: «E.C.L.» оффшордук компаниясы жана Ж.А.Б. аттуу жаран. Ж.А.Б. – өлкөдөгү чиновниктердин биринин жубайы.

Буга чейин «МИС» ААКтын акцияларына Жапарова Анара Барыктабасовна (депутат Акылбек Жапаровдун жубайыжана башка жарандарошондой эле «Eurasia Capital Limited» компаниясы ээлик кылары айтылган.

Андан тышкары Каржы полициясынын маалыматына караганда, 2009-жылы «МИС» компаниясына жогорку кызматтагы адамдардын жардамы менен Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунан 2012-жылга чейин 200 млн сом бюджеттик насыя берилген. Бирок бул каражат башка максатта пайдаланылып, насыяны төлөө мөөнөтү 2 жолу өзгөртүлгөн. Тактап айтканда насыядан кутулуу мөөнөтү кошулган пайыз жана санкцияларды жокко чыгаруу менен 2025-жылга чейин узартылган.

Источник: Баракелде