Баштапкы капиталы 50 миллион доллар. Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

10 декабря 2020
Версия для печати

Баштапкы капиталы 50 миллион долларга барабар болгон кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт. Бул боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушууда макулдашканын өкмөттүн басма сөзү  маалымдады. Маалыматта: «Ферганада өткөн жолугушууда эки өлкөнүн экспорттук аймагын кеңейтүү жана жаңы рынокко чыгуу үчүн транспорттук чөйрөнү, анын катарында эл аралык ташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланган. 25-декабрга чейин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин карап чыгуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат.  Өкмөттүн өкүлдөрү эки республиканын аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүңүнөн бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүүнү талкуулашты. Бажы тармагында өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүлөт.

Источник: chagylgan.kg