Ысык-Көл ОИИБ: «Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында координациялык кеӊешинин мүчөлөрү тарабынан пансионаттардын ээлеринен, алардын объектерин кайтаруу үчүн акча каражаттарын талап кылып жатышат», – деген маалымат боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

13 октября 2020
Версия для печати

Лариса Долгополова аттуу жаран, өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармактагы баракчасына: «Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында түшүнүксүз опузалоо көрүнүштөрү орун алып жатат. Борбор каалабызда орун алган окуялардан кийин, айылда талап тооночулука жол бербөө боюнча кандайдыр координациялык кеӊештер жана элдик кошундар уюшулуп, пансионаттардын ээлеринен каттар аркылуу, алардын объектилерин кайтаргандыгы үчүн акча каражаттарын сурап жатышат, болбосо объектилердин тонолушуна жооп бербейбиз», – деген, маалыматты жарыялаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ысык-Көл ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат, Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203 (Опузалоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Белгилеп кетсек, аталган айылда орун алган пансионаттардын жана эс алуу үйлөрдүн ээлери, же болбосо админисрациясы аталган факты боюнча райондук милицияга арыздар менен кайрылышкан эмес.

Учурда, райондук милициянын жетекчилиги, раймамадминистрациясынын, айыл аймагынын, жаштар, аялдар жана аксакалдар кеӊешинин өкүлдөрү менен бирдикте, аталган айылдардын тургундары арасында мындай фактыларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айыл тургундарына, алардын ар бир талаптары мыйзам чегинде жана укуктук талаада жүргүзүлүшү керек экендигин жеткирилүүдө.

Жалпысынан Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу.

Милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар тарабынан облусубуздун аймагындагы өзгөчө маанилүү жана жеке объектилери, соода борборлору, базарлары кайтарууга алынган. Коомдук тартипти сактоо боюнча шаарлардын жана айылдардын көчөлөрүндө, коомдук жайларында күндүзгү жана түнкү кайгуул күзөт иштери тынымсыз уюштурулуп келүүдө.

Источник: Кyrgyztoday