Искендер Матраимов: “Карантин айлар үчүн элди кыйнабай, банктар процентти кечип койсо деле чыгашага учурабайт” (ВИДЕО)

Обратите внимание на дату публикации.

Кечээ, 12-майда Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги  жыйынына, кредиттердин төлөмдөрүн жеӊилдетүү боюнча маселе каралды. Жыйынга Улуттук банктын төрагасы чакырылды, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы катышты.

Депутат Искендер Матраимов насыя алгандар учурдагы өзгөчө абалга байланыштуу кыйынчылыктарга туш болгонуна токтолду:

“Карантинге байланыштуу көптөгөн ишканалар, жарандар ишин токтоткондугуна байланыштуу “эртеӊ кредитти кантип төлөйм”- деп чочулап жатышат. Официалдык статистикага таянсак, Кыргызстанда бир миллиондой жарандарга микро жана чакан бизнеске насыя берилген. Өкмөт бул маселеге өз убагында көӊүл буруп, “отсрочка” сунуштап, аракеттерин кылды, бирок ал сунуштары элдин көйгөйлөрүн жеӊилдеткен жок”-дейт ал.

Депутат өкмөт бул жаатта аракеттерди көргөнүн, бирок ал аракеттер жетишсиз болуп жатканына токтолду.

“Отсрочка” деп өкмөт айтканда, көпчүлүк жарандар “карантин маалындагы иштебеген күндөргө процент төлөбөйт экенбиз, кредиттин мөөнөтүн узартты” – деп ойлошкон.  Чындыгында, бул жерде банктар насыя төлөмдөрүн жылдырууга убада бергени менен, иш жүзүндө анын үстөк процентин кийинки айларга кошуп салат экен.

Эми элестеткиле, карантин жана өзгөчө абалдын айынан бир күн да соода кылбаган, иштебеген ишкерлер каяктан акча таап процентти төлөйт?!   Улуттук банктын төрагасы “банктар үчүн талаптар жеӊилдетилди” –  деп айтты. Ошого карабастан, коммерциялык банктардын кредиттик комитеттери мурдагыдай эле  абал менен иштеп жатышат. Улуттук банк, коммерциялык банктар, орточо эсеп менен жылына 13-20% пайда көрүшөт ар бир берилген кредиттен. Демек, мисалы саналуу карантин айлар үчүн элди кыйнабай, банктар процентти кечип койсо деле чыгашага учурабайт экен”-деди Матраимов.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев мындай демилгеге каршы экенин айтып, кредит алгандарга эч кандай жеӊилдиктер берилбешине токтолду.

“Кредит алгандарга жеӊилдик бербеш керек. Акча алары менен той өткөрүп, тойдон көп акча топтоп алышат. Эмнеге тойдон түшкөн акчалары менен насыясын жаап койбойт?”-деген суроо койду.

Жыйындын соӊунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комитеттин көтөргөн маселеси маанилүү экенин белгиледи.

“Көтөрүлүп жаткан маселе абдан маанилүү, себеби экономиканын каны – бул акча каражаты. Бул жерде кредит алгандар, экинчиси насыя бергендер жана үчүнчү тарап, кредит берген жактарга жардам бергендер. Биз дагы өткөндө улуттук банк менен экономикага жеӊилдиктерди берүүнү карап жатканда бул боюнча сүйлөшкөнбүз. Тийешелүү банктар, финансылык институттар менен биргеликте кеӊешип анан жообун беребиз”-деди Премьер-министр.

Источник: koom.press