Кечээ, 12-майда Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктүн бардык үч баскычындагы ишкерлерге электрондук уруксатын берүү тутуму ишке киргизилди. Биринчи күнү 312.meria.kg сайтына 836 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 14ү жактырылып, төртөөнөн баш тартылган, ал эми 815 арыз каралып жатат.
Мэрия белгилегендей, салык кызматынын райондук бөлүмдөрү дагы жарандарды 20:00гө чейин кабыл алышат.