Дастан Бекешев: «Россия менен катуу сүйлөшүш керек»

Кыргызстандын өкмөтү каражатка ылайык жашап, экономикалык кризиске байланыштуу тендерлерди токтотуп турушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

“Дүйнөнүн 118 өлкөсүн коронавирус каптады. Валюталык девальвация жүрүп, сом арзандап  кетти. Өкмөт буга чейин иштегени болбойт. Жакшы иштеш керек, үнөмдөө режимине өтүш керек. Курулушка байланыштуу тендерлерди токтотуп туруш керек. Россияга улуттук валютада төлөмдөрдү жүргүзүү сунушун киргизиш керек. Россия менен катуу сүйлөшүш керек. Эгер доллар жок болсун десе, анда сом менен доллар болсун” ,-деп билдирди депутат.

Источник: fakt.kg