Депутат: "Транспорт министрлиги коррупцияга батып кетти"

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
19 февраля 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Депутат Эрмамат Тагаев Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигин жаңылоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал аталган министрлик толугу менен коррупцияга батып кеткенин белгиледи. “Жаңы кадрларды алып келип, министрликтин түзүмүн тамыры менен алмаштыруу керек”, - дейт ал.

Жогорку Кеңеште транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
 

Источник: super.kg