Өкмөт: Бизнес менен бийликтин ортосундагы ак ниеттүүлүк – ийгиликтин кепилдиги

Автор: Айпери Жумабай кызы
Марал радиосу Марал радиосу
14 февраля 2020
Версия для печати

Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык жана ак ниеттүүлүк менен сүйлөшүү – экономикалык жетишкендиктин кепилдиги. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы бизнес тарабынан көтөрүлгөн бир катар маанилүү демилгелердин жүзөгө ашырылышы боюнча айтып, айрым сандарга да токтолду:

Былтыр өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү  темпинин болжолдуу көрсөткүчү 0,5%га көбүрөөк аткарылды. ИДПнын көлөмү 590 млрд сомго жетти. 6,5 миң жумуш оруну түзүлдү. Аймактардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн  республикалык бюджеттен 2,0 млрд сом бөлүндү. 51 долбоор каржыланды. Аймактардагы кайрадан ачылган ишканалар үчүн салыктын 4 түрү боюнча 5 жылга бошотуу киргизилди, — деди Абылгазиев.

Муну менен катар Өкмөт башчы ишкерлер менен инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө ишеним көрсөтүү маселесине чекит коюу, жеке менчиктин жана салымдын кол тийбестигине кепилдик берүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу керектигин билдирди.

Ошондой эле ал 2020-жылы көтөрүп жаткан бардык демилгелердин негизги максаты инвестиция тартуу, жаңы туруктуу жумуш орундарын түзүү болуп саналарын айтты.

Источник: maralfm.kg