Темир Сариев кандайча кытайлык алдамчы компанияны өлкөбүзгө алып келген?

30 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ошондо мурдагы транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев Темир Сариевди депутаттык комиссиянын отурумунда «Премьер-министрдин айлана-тегерегиндегилер «Лонг-Хай» фирмасынын кызыкчылыгын коргогон» деп айыптап чыккан. 
Бирок, саясатта бышып, суудан кантип кургак чыгып кетүүнү мыкты өздөштүрүп алган Темир Сариев мунун баарын ошол кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин ага карата жасап жаткан чабуулу катары сыпаттап кутулган болчу. 


Бирок, ошондо бул компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эки жолу кылмыш иши козголгон эле. Биринчиси, 2018-жылдын июнунда «алдамчылык, кызматтык абалынан кыянат пайдалануу жана Балыкчы-Корумду жолун курууда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү» фактылары боюнча козголгон. Экинчиси ошол эле жылдын октябрында козголгон эле. Бул жолу жол чарбачылыгы департаментинин кызматкерлерлери «ЛонгХай» компаниясына конструкцияны курууда сульфатостойкий цементтин ордуна кадимки эле цементти колдонууга уруксат берип коюшкан. Мындай аракеттен асфальт бат эле бузулмак жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелчилиги да көбөймөк. 
Мына ушундай көз боемочулуктарды жасап жиберүүнү көздөгөн «Лонг Хай» компаниясынын ушул жылдын 1-декабрына чейинки мамлекет алдындагы салык боюнча карызы 227 миллион сом болгону билинди. Бул маалыматты Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Аталган компания 2015-жылдан тарта Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган. Бирок, ошондон бери Балыкчы-Корумду жолун курууну аяктай албай келет. Орто жолдо компаниянын жумушчулары бир нече жолу айлык акыларын 4-5 айлап албай атышканына байланыштуу жумуш таштоого да чыгышкан. Таң калычтуусу, мындай ири долбоордо жеңишке жетишкен компания жумушчулардын айлык акысы үчүн атайын бюджетте акча кармай алышпаганы болууда. Эми минтип мамлекетке да салыкты төлөбөй жүрүшкөнү билинди. Ошондо Т. Сариев Кыргызстанга атайылап эле алдамчы компанияны алып келген болуп жатабы? Себеби, «Лонг Хай» компаниясы Т. Сариев премьер-министр кезинде, 2015-жылы 3-ноябрда каттоодон өтүп жатпайбы. Малабаев убагында бекеринен айтпаса керек го.

Источник: sayasat.kg