2019-жылы ишке кирген кендер

Фото: Куру-Тегерек (с сайта правительства)
Автор: Азиза Марат кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
27 декабря 2019
Версия для печати

Кыргызстанда чоң жана чакан алтын кендери көп болгонуна карабай, иш жүзүндө пайда бергендери саналуу гана. Быйыл алтын казууга эки ишкана киришти. Биринчиси Жерүй, экинчиси Куру-Тегерек кени.

Кыргызстанда алтын кендерине берилген лицензиялардын саны 470 чамалуу. Алар чалгындоого, изилдөөгө жана алтынды казууга берилген.

Куру-Тегерек кени

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда ушу тапта төрт ири компания иш алып барууда. Алардын бири - кытайлык инвесторлордун "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому иштетип жаткан Куру-Тегерек кени. Ал жерде алтын, күмүш жана жез бар.

Мамлекеттик экотехинспекциянын берген маалыматына ылайык, ушу тапта 10 миң тонна аралашма казылып алынды. Ар бир тоннада 32 грамм алтын, андан эки эсе көп күмүш бар деп болжолдонот жана отуз пайызы жез деп айтышты адистер.

Бирок кен ачылгандан бери эле бир катар экологиялык кемчиликтер табылган. Аларга 30 пункттан турган эскертүү берилген.

Кен ачылгандан берки эреже бузуулар тууралуу экотехинспекциянын башкы инспектору Замир Бердибеков айтып берди:

"Августтан бери пландуу жана анын артынан кайра көзөмөлдөп текшерүүдөн өткөрдүк. Отуз пункттан турган эскертүү берилген. Аягында айыптарды салдык. Биз административдик чараларды көрүү менен токтогонбуз. Негизинен жер кыртышын бузуу боюнча эреже бузуулар катталган", - деди Би-Би-Сиге Замир Бердибеков.

"Кичи-Чаараттын" алтын өндүрүүчү ишканасынын ачылышына барган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев инвестор жалпысынан 220 млн доллар жумшаганын белгилеген.

Алтын казуучу фабрика 2019-жылы августта ачылды. Башкача айтканда, ага чейин чалгындоо иштери жүрдү.

Аталган кенде 529 киши иштесе, 419 жумушчу жергиликтүү деп айтылган ишкананын расмий ачылышында.

Кенге эң жакын жайгашкан Каныш-Кыя айылынын жашоочусу Совет Иманалиев жергиликтүүлөрдүн көбү Чаткалдагы түрдүү кен казуучу чет өлкөлүк компанияларда иштешет деди.

"Кичи-Чаарат иштеп жатат. Ага каршы болгондор да бар, иштеш керек дегендер да бар. Мектеп, бакчаларга жардам берди, жолдор оңдолуп калды. Көчөлөрдү жарыктандырды. Жакшы эле жардам берип жатышат", - деди Иманалиев.

Коомго жабык ишкана

Бирок башка кен байлыктары сыяктуу эле бул кендин тарыхы да чырларга бай десе болот. Алардын эмне менен бүткөнү, ошол эле инвестор кантип кайра кенди казып жатканы бүдөмүк. Анткени 2018-жылы мартта компания лицензиясынын мөөнөтүн мыйзамсыз узарткан деп Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ал керек болсо, мыйзамсыз алтын алган деп, алардын лицензиясын жокко чыгарууну, башка инвесторго берүүнү да билдирип чыккан. Ишкана Чакмак-Су дарыясынын боюнан мыйзамсыз шагыл казуусу мамлекетке 170 млн сом зыян келтирген деген маалыматтарды көзөмөл органы тараткан эле.

Ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөгөнү үчүн бул ишкана жетекчилерине 2013-жылы да кылмыш иши козголгон.

2019-жылы бул кендин иштешине жергиликтүү тургундар каршы чыккан, алар аймакка келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бийлик максаттуу пайдаланбай жатат деп айыпташкан. Кендин ачылышында айлыктарын көтөрүп берүүнү өкмөт башчыдан сурашты. Маалыматтарга ылайык, орточо маяна акылары 16-19 миң сомдү түзчү.

"Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому маалымат алууга жеткиликтүү эмес. Ал тууралуу ачык маалымат булактарынан табуу дээрлик мүмкүн эмес.

Буга чейин ишкана 2020-жылдын аягына чейин биринчи алтынын алып калары айтылган, анда жергиликтүү бюджетке жалпы кирешенин 2 пайызы түшмөк, бул болжолдуу жылына 300-400 млн сом.

Аталган кенде болжолдуу 40 тоннага жакын алтын бар экени маалым.

Жарым кылым күттүргөн Жерүйдүн алтыны

Иши графиктен кечиктирилгени үчүн өкмөт менен соттошуулардан кийин 2019-жылы ноябрда "Альянс Алтын" ишканасы кенди ачты. Биринчи алтын 2020-жылдын март айында куюларын билдиришти.

Жерүй кенин 3800 метр бийиктикте казып алып жатышат. Ушу күнгө беш миң тоннадай кен казылды, алтынын алыш үчүн 25 миң тоннадай казып чыгарыш керек.

Ушу тапта алтынды алуу боюнча техникалар курулуп жатат.

"Альянс Алтындын" директору Михаил Шубин баш-аягы Жерүйдү ишке киргизүүгө 800 млн доллар коротулганын билдирди.

"Альянс Алтын" 2015-жылы Жерүйдү иштетүүгө лицензияны 100 млн долларга ачык аукциондон сатып алган. Мамлекетке мындан сырткары сатуудан түшкөн жана башка бир нече салыктын түрүн төлөйт. Талас облусун өнүктүрүү фондун каржылайт. Бирок долбоордо мамлекеттин үлүшү такыр жок.

Мамлекеттин үлүшү жок долбоор

Айрым активисттер, саясатчылар ал жердеги алтынды беш млрд долларга баалап, мамлекеттин лицензия үчүн 100 млн доллар гана алганына, анын үлүшү жок экенине нааразы болуп келишет.

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлү Дүйшөнбек Камчыбеков бул маселени так кесе чечип алыш керек деген эле:

"Эмне себептен Жерүйдө мамлекеттин үлүшү болбой калган? Бүгүнкү күнү өкмөт өзүнчө саясат алып барып, коомдук уюмдар башка талапты айтып чыгып жатышат. Ошондуктан бул маселелерди жөнгө салуу үчүн бир аянтча керек болот. Ага тиешелүү органдар, өкүлдөрү катышып, "Альянс алтын" компаниясы менен чогуу бир чечимге келип алыш керек. Ошону менен балким маселелер токтойт".

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев Жерүйдү иштетүү долбоорунда мамлекеттин бир пайыз да үлүшү болбой калганын айтып келген. Азыр ал Кыргызстандын кызыкчылыгын инвестор менен жылуу мамилени бузбай туруп чечиш керек дейт. Дүйшеев тоо-кенчилер сунушун даярдап койгонун билдирди.

"Путин келгенде меморандум түзүлгөн. Ал жалпы багыт болуп эсептелет. Бирок ошого ылайык жаңы кошумча келишим түзсө болот. Мурунку келишимге Кыргызстандын үлүшүн киргизүү мүмкүн эмес, коррупция деген маселе да бар. Кумтөр сыяктуу кылып эле сатуудан түшкөн кирешеден үлүш алууну макулдашыш керек. Мен муну компаниянын өзүнө да айтып жатам", - деди Дүйшеев Би-Би-Сиге.

"Альянс алтын" ишканасы Кыргызстанга берген негизги пайдасы катары эл аралык соттогу доо чыгымдарын жаап бергенин көрсөтүүдө.

"Биз сынакта утуп чыкканбыз. Анда мамлекеттин үлүшү боюнча талап коюлган эмес. Эң негизгиси биз сынак комиссиясынын бардык талаптарын аткарганбыз. Бонусту - лицензия үчүн 100 млн долларды дароо төлөп бергенбиз. Мындан сырткары Жерүйдү казууга лицензиянын ээси, мурунку инвестор Visor компаниясы менен соттук териштирүүнү бүтүрдүк. Эске салсам, бул териштирүүнүн суммасы 580 млн долларча болчу. Мындай жоопкерчиликти дээрлик эч ким өзүнө алган эмес, биздин компания алды", - деди Би-Би-Сиге "Альянс Алтындын" директору Михаил Шубин.

Орозбек Дүйшеев колдон колго өтүп, багы ачылбай келген Жерүйдүн ишке киришин кош колдоп колдойт. Ал лицензиянын баасын, инвестор менен түзүлгөн келишимди туура деп баалап, мындан аркы жумуштун жүрүшүн ойлош керек деди Би-Би-Сиге:

"Бул биздин тоо-кен тармагынын тарыхында кара тамга менен кала турган нерсе. Жерүйдү 33 жыл ишке киргизе албадык. Ал ката инвестордон кеткен жок, биздин кишилерден кетти".

Кыргызстан эмне алат?

Компания салыктын бир нече түрүн төгөт. Келерки жылы сатылган алтындын баасынын беш пайызын төлөшөт. Пайданын эки пайызын жергиликтүү фондго берет. Алтындын азыркы баасы менен алганда жалпы бюджетке жылына эки млрд сомдой беребиз деди компания.

Талдоочу Шерадил Бактыгулов "Альянс Алтын" Кыргызстан үчүн эң эле ылайыктуу инвестор экенин айтып, маселе - түшкөн акчаларды ачык-айкын колдонууда деген пикирин билдирди.

"Бул жерде абдан чоң маселе бар. Каражат бар, аны жакшы, ачык-айкын колдонуу керек, уурдамай болбош керек. Акча түшүп жатканда, он пайызы элге жетсин, токсон пайызын жеп салалы деп тизилип калбаш керек. Андай болсо инвестор ишканалар бизге ишенбей калат. Силерге бербей эле коёлу, баары бир жеп саласыңар дейт да", - деди Бактыгулов.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Жерүйдүн иштешине каршы жергиликтүү тургундар жок экенин белгиледи. Анткени Кыргызстанда чет жердик инвестордун иштешине таасир эткен негизги жагдайлардын бири - элдин мамилеси.

"Ким каршы болсо, кендеги туура эмес иштерди билсеңер, келгиле отуруп сүйлөшөлү деп чакырып келатабыз. Бирок азыркы күнгө чейин бирөө да келе элек. Ким барып Жерүйдү көрөм десе, өзүм башында туруп, ишкана менен макулдашып, кайсы убакта болбосун алып барып келгенге даярмын", - дейт Мураталиев.

Ыйгарым укуктуу өкүл Таласта 900дөн ашык иш орду пайда болсо, 200ү кен ишканасынын жардамы менен түзүлдү дейт.

Ал "Бакубат Талас" өнүктүрүү фондуна бөлүнүп жаткан каражат облустагы жакырчылыкты жакынкы жылдары толук жоюуга жетет деди. Алтынды саткан кирешенин эки пайызы 2020-жылы болжолу 200 млн сом болот деп жатышат.

Акчаны бөлүшүү түйшүгү

"Альянс Алтын" жумушун баштаардан бир жыл мурда аймакка каражатты бөлө баштагынын билдирди. Өткөн жылдары акчанын дарегине жетип жетпегени боюнча талаш-талкуулар чыгып келди.

Эксперт Шерадил Бактыгулов ушундай окуялардан улам социалдык пакетти бекитип жатканда ага эмне жумуш жасалаарын талкуулап, так киргизип алыш керек экен дейт:

"Антпесе, мисалы, бир мектеп салып берсе, кийин башка топ бизге бакча керек болчу деп чыгып жатат. Бир жолду ремонттосо, эки жолду ремонттош керек деген талаштар болуп калат".

Фонд 40 пайыз жана 60 пайыз деп экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү чакан ишканаларды ачууга, экинчи бөлүгү социалдык тармакты өнүктүрүүгө пландалып жатат.

Жерүйгө жакын Мекмолдо айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Муратбек Жекшенов кендин эсебинен келген каражаттарга жасалган өзгөрүүлөр бар экенин айтууда:

"Лицензиянын акчасынан 170 млн сом биздин Мекмолдо айыл өкмөтүнө түшкөн. Кеңеш айылында 13,5 млн сомго спорт зал, мектептин ашканасы курулуп жатат, анын баасы эки млн 900 миң сом. Жолдор оңдолгон. Айыл жарыктандырылып жаткан, бирок аткаруучу тараптан маселе чыгып бүтө элек. Таза суу кирип калса жакшы болмок, бул да азырынча ишке аша элек".

Таласта 250 миң чамалуу калк жашайт. Алтын алына баштаганда баш аягы эки миң киши жумуш менен камсыз болорун билдиришти.

"Альянс Алтын" кендеги ишин жолдорду куруу менен 2017-жылы баштады.

Бар алтындын багы ачылбай...

Жерүй кени эгемендик жылдарынан бери колдон колго өтүп, бирок ачылбай келди.

1994-жылы жергиликтүү компания иштетүүгө белсенген. Андан кийин америкалык компаниянын колуна өткөн. 2006-жылы "Оксус Рисорсес Корпорэйшн" деген англиялык фирма да бир топ жумушту бүтүрүп калганда, Бакиевдердин аты аралашкан чыр менен токтогон. Анда инвесторго ок атуу фактысы да катталган. Бул Жерүйдү алып кайра берген көптөгөн фирмалардын айрымдары гана.

"Альянс алтынды" орусиялык «Востокгеолдобыча» түздү. Анын 60 пайыз акциясы орусиялык чечен тектүү Муса Бажаевге таандык, калганы Казакстандык олигарх Алижан Ибрагимовдуку. «Востокгеолдобыча» "Русская платина" компаниясынын тутумуна кирет. Жерүйдү иштетүүнүн эки тарабында кыргыз жана орус өкмөтү турат деп айтса болот.

Мындан мурунку казакстандык Visor компаниясы менен келишим бузулганда Кыргызстан 580 миллион долларлык доого жыгылган.

Кен байлыктары Кыргызстан экономикасы көз каранды болгон олуттуу ресурстардын бири. Жерүй алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки ири алтын кени. Анда 85 тоннадай алтын, 10 тоннадан ашык күмүш запасы бар экени айтылып келет. Кенди 1968-жылы эле табышкан. Андан кийин чалгындоо иштери жүрүп, ал сапаттуу болгонун айтып келишет. Жада калса ал жердеги курулуш иштеринин башы Советтер союзу мезгилине туш келет.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си