Парламент комитетинде аркар, кулжа, эчки-текеге аңчылык кылууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG

үгүн, 30-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, жапайы ача туяктуу жаныбарлардын санынын кыскарып бараткандыгына өкмөт, мамлекеттик органдар менен жалпы коомчулук тынсызданышы зарыл. “Жапайы жандыктардын саны акыркы 20 жылда сезилерлик кыскарган”, - дейт Э.Байбакпаев.

Жыйында мыйзам долбоору менен бюджетке күч келери айтылып, Юстиция министрлигине, Экономика министрлигине тескери корутундулары менен өкмөт мыйзам долбооруна каршы болушкандыгы белгилүү болду. Өкмөт аталган жаныбарларга тыюу салууну республика боюнча эмес, браконьерлик көп катталган жерлерди аныктап, ошол жерлерге мораторий коюуну сунуш кылды.

Депутат Алмазбек Акматов жалпы мораторийге каршылыгын айтып, талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен айрым аймактарга гана киргизип, браконьерликке көзөмөлдү катуулатып, аларга айып пулдардын көлөмүн жогорулатууну сунуштады.

Талкуу жыйынтыгында, ар кыл сунуштар айтылгандыктан, мыйзам долбоору боюнча кандайдыр бир чечим кабыл албастан, жапайы жаныбарларды коргоого багытталган мыйзам долбоорун жалпы жыйынга ачык сунуштоо чечими кабыл алынды.
 

Источник: super.kg