Депутат Жанар Акаев: "Солтон-Сары алтын кенин иштеткенге каршы чыккан жаштарды куугунтуктаган туура эмес"

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
5 сентября 2019
Версия для печати

"Солтон-Сары алтын кенин иштеткенге каршы чыккан жаштарды куугунтуктаган туура эмес" деп бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Депутат элдин үнүн, талабын угуу зарыл экенин айтты.

"Биз кен иштеткенге нааразы болуп, көйгөйдү айтып чыккан адамдарды эл душманындай көрүп жатабыз. Аларга азыр милиция тарабынан куугунтук күчөп, суракка чакырылып жатат. Өкмөттөгү кадыр-барктуу адамдар алар менен сүйлөшүү жүргүзүшү шарт. Көйгөйлөргө көңүл бурулбай калгандыгы үчүн эл көчөгө чыкты. Анан аларды куугунтуктаган туура эмес. Чогулган элдин талабы лицензия бергендерди жазага тартуу, лицензияны жокко чыгаруу. Элдин үнүн, талаптарын угуш керек", - дейт Акаев.

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
 

Источник: super.kg