Сооронбай Жээнбеков: Биз Швейцарияга жаңгак, бал, төө буурчак жеткирүүгө даярбыз

Баракелде Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда Швейцария Конфедерациясындагы расмий визитинин алкагында президент Ули Маурер менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун духунда өткөнүн белгиледи.

«Биз кыргыз тарап менен биргелешкен кызматташтык документтерине кол койгубуз жана сиздер үчүн олуттуу болгон эң артыкчылыктуу багыттарды уккубуз келет», - деди ал.

Ал Сооронбай Жээнбековду акыркы жылдардагы өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөр менен куттуктап, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга тыштан да көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө үчүн көп нерселер жасалды. Бул кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн кошумча өбөлгө болот. Сиз 2023-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын бардык негизги багыттарын кеңири чагылдырдыңыз жана адам ресурсуна басым жасадыңыз. Биз жаштардын активдүү аракеттерин жана алардын умтулууларын көрүүдөбүз. Бул өлкөнү алдыга чыгарууга өбөлгө болуучу башкы фактор», - деди ал.

Ули Маурер өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу жыл өткөн сайын өнүгүп жатканын белгиледи. 25 жылдан ашкан мезгил ичинде өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер туруктуу бекемделүүдө. Саясий диалог жогорку деңгээлде.

Сооронбай Жээнбеков азыр Швейцария Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, энергетика, суу ресурстары жана климат чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү эң олуттуу багыттар экенин баса белгиледи.

«Тигүү тармагы жана айыл чарбасы сыяктуу секторлордо Кыргызстандын экспорттук жакшы дарамети бар. Азыр дүйнө жүзүндө керектөөчүлөрдүн таза жана сапаттуу тамак-ашка талабы өсүп баратканы белгилүү. Биз Швейцария рыногуна экологиялык таза жашылча-жемиштерди, жаңгакты, балды, төө буурчакты жеткирүүгө даярбыз. Ошондуктан бул багытта кызматташуу эки тарап үчүн өз ара пайдалуу болот деп эсептейм», - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү процесси уланып жатканын белгиледи. Эки өлкөнүн табиятынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.

Источник: Баракелде