Нурбек Мурашев министрлик кызматынан кетти

Автор: Улан Талипов
Марал радиосу Марал радиосу

Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министри Нурбек Мурашев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, министр кызматтан кетүү тууралуу кечээ, 23-майда арыз жазып, аны премьер-министр кабыл алган.

Нурбек Мурашевдин министрликтен кетишине ден соолугунун начарлап кеткени себеп болгону айтылууда.

Ал Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министри кызматына 2016-жылы дайындалган.

Источник: maralfm.kg