"Өлкөнүн карызы 4 миллиард доллар болсо, анын 1 миллиарды Бишкек-Ош унаа жолуна жумшалган, бирок буга карабастан жолдун абалы өтө начар", - деп бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
"Республикалык маанидеги жолдордун курулуштары жүрүп жатканы менен, алардын сапаты жакшы эмес. Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун абалы өтө начар, анын тамтыгы чыгып калган. Жолдун жыртыктарынан качабыз деп айдоочулар жол кырсыгына кабылган учурлар да көп.
Айдоочулар Сосновка айылындагы посттон өтүп жатканда жеңил унаалар үчүн 45 сом, ал эми чоң жүк ташуучу унаалар 450 сомдон төлөшөт. Ал акчалардын негизги бөлүгү ошол жолдорду оңдоого жумшалышы керек эле. Бирок Транспорт министрлиги көрүнүктүү иштерди аткарган жок. Топтолгон акчалар кайда кетип жатат? Жаз, жай келгенде бул маселе көтөрүлөт, бирок чечилбей келет", - деди депутат.