Күлкүсү келип, бирок канааттанган Рыскелди Момбеков (Фото)

24-25-апрелде Жогорку Кеңеште Өкмөт башчы 2018-жыл боюнча отчётун депутаттарга берди. Өкмөт башчынын отчёту боюнча «Азия ньюс» гезити КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдон “Өкмөт башчынын отчётун кандай бааладыңыз?” деп сураганда, “Отчетту угуп, бир чети күлкүм келди. Суроо берейин дедим эле, уялдым. Бардык жактан өсүш болуп атыптыр. Өсүштү өкмөт өзү эле көрбөсө, карапайым эл көргөн жери жок. Мен да көргөн жокмун. Эл көрбөгөн чындыкты мен кайдан көрмөкмүн? Сандарды айтып, «мынча өсүш болду, укмуш жыргатып атабыз» дейт. Казынабыз какшып турбайбы. Өсүш болсо, жок дегенде бир тармактын айлык маянасы көтөрүлөт эле го? Мен өкмөттүн жакшы иштегенин, же экономиканын өскөнүн көргөн жокмун. Бир инвестор келбесе, бир ишкана ачылбаса, кайдагы өсүштү айтабыз? Карапайым калк үчүн калп отчет берүүнүн эмне кереги бар?” –деп жооп берген.

Бирок, өкмөттүн отчётун добушка койгондо Рыскелди Момбеков күлбөй эле, эч юир үн катпай  “макул” деп добуш береген. “Макул” деп добуш бергени өкмөттүн ишин жактырганы да. “Отчетту угуп, бир чети күлкүм келди” дегенин окуп, кайра “макул” деп добуш бергенин окуп алып биздин деле күлкүбүз келип жатат.

Белгилей кетсек, депутат Исхак Масалиев өкмөттүн отчетуна канааттанбаганын айтып, сүйлөгөн сөзүнө кылган иши дал келип  “каршы” деп добуш берген.

Источник: fakt.kg