Мадумаров: Кыргызстан ЕАЭБде тең ата боло албай жатат

Фото: Адахан Мадумаров

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) тең ата боло албай жатат. Бул туралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» берүүсүндөгү маегинде билдирди:

- Биз теңата боло албайбыз. Ал үчүн жок дегенде биз ийине чыгарышыбыз керек. ЕАЭБге киргенде күчтуү мамлекеттер сөзсүз түрдө күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн өнүмдөрүн сатыш үчүн «саясий протекционизм» Петр-1 өткөргөн биринчи.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамына 2015-жылы августта кирген. Өкмөт «биримдикке кирүү Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болот, экспорт көбөйөт» деп ишендирүүгө аракет кылган. Уюмга мүчө болуп киргенден аз өтпөй, өнөктөш Казакстан менен Орусия Кыргызстандан эт-сүт азыктарын сатып алуудан таш тартып, буга эпизоотикалык абалды жүйө келтиришкен. Казакстан бир нече жолу кыргызстандык жүк ташуучу автоунааларды чек арадан өткөрбөй, текшерүүнү күчөтүп, мунун себебин «аткезчилик» менен түшүндүргөн. Кыргызстандан барган жашылча-жемиш жана башка тамак-аш товарлары «санитардык талаптарга жооп бербейт» деген жүйө менен артка кайтарылган же конфискацияланып, жок кылынган.

Былтыр Казакстан кыргызстандык дыйкандар өндүргөн картөшкөнү «сапаты начар» деп импорттоодон баш тарткан.

Январь-февралдагы Кыргызстандын ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр менен болгон соода алакасын (306 млн. доллар) алсак, бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7% азайган. Анын ичинде импорт 4,9%, ал эми экспорт 24,8% төмөндөгөн. 

Источник: "Азаттык"