Кыргызстан “Кыргызнефтегаз” ишканасын орусиянын «Газпром» ишканасынан башка ишканага да сата алат. Газпромго эле сатууга милдеттүү эмес.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган иши тууралуу отчетто депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Абылгазиев “Кыргызнефтегаз” заводу, анын технологиясы эскиргенин, аны модернизациялоо үчүн каражат талап кылынарын айтты.
“Биз “Газпром” менен меморандумга кол койгонбуз. Эгер Парламент жактырса ишти улантабыз. Эгер каршы чыкса – анда башка инвесторду издейбиз. Биз бир эле инвестор менен иштешебиз деген чектөө жок”, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңеш “Кыргызнефтегаз” ишканасына кардар табуу тапшырмасын берген эместигин белгиледи.
Эске сала кетсек, Орусиянын президенти Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келгенде орусиялык “Газпром” ишканасынын башчысы Алексей Миллер менен Кыргызстандын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Газпром ишканасынын “Кыргызнефтегаз” ишканасынын активдерин сатып алууга катышуусу боюнча жол картага кол койгон.