Абиш Халмурзаев: Элдин алдында жүзүм жарык, эми кандай жумуш берилерин премьер-министр чечет

Обратите внимание на дату публикации.

Абиш Халмурзаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп турганда эл үчүн татыктуу иштеп берген, баткендиктердин алдында жүзү жарык. Бул тууралуу ал өзү “Марал” радиосуна билдирген.

-Эми мага кандай жумуш берилерин премьер-министр өзү чечет. Биз колдон келишинче жакшы иштеп бердик. Элдин арасында жүзүбүз жарык. Балдар иштесин.

Ал облусту жетектеп турган учурда токтоп калган көп ишканаларды кайра ишке киргизгенин жана бир катар айыл чарба багытындагы иштерди аткарганын айтты.

Эскерте кетсек, 1-апрелде Абиш Халмурзаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан алынган. Ал Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылы дайындалган. Анын ордуна Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров барды.

Источник: kabarlar.org