Кореянын жараны Кыргызстандын жерин сатууга кардар издеп жүрөт

28 февраля 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Борбордук Азия Корпорациясынын (ЦАК) былык иштерин ачыкка чыгаруу үчүн бизге келген маалымат боюнча журналисттик иликтөө башталган.

Fakt.kgге  Борбордук Азия Корпорациясынын (ЦАК) ээси Ли Джон Бек Кореяда алдамчылык беренеси менен соттолгондугу, ВДНХнын 17 гектар жерин бул менин жерим деп чет элдик ишкерлерге сатууга аракет кылып жургондугу тууралуу маалыматтар келип түштү. Бул эл аралык алдамчы компаниянын бүгүнкү күнгө чейин сайрандап эч бир инвестиция кылбай ортомчулук менен байып жүрүшүнө Экономика министрлигиндеги айрым жетекчилер кол кабыш кылып жатышканы боюнча да  маалыматтар келип түштү. Чет элдик  алдамчыларга калкан болгон эконмика министрлигиндеги ортосундагы мамиледе мындан да көп сумманы камтыган кылмыштуу иштер, коруппциялык иштер боюнча изи бар экени чыга баштады. Чындыгында бир кездеги Кыргызстандын сыймыгы болгон ВДНХнын бүгүнкү абалга жеткизген, аларды корупциялык жолдор менен колдоп коргогон Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасын оңдойт деп ким ишенет.  Бул боюнча журналистик иликтөөнүн негизинде жакында толук маалыматтарды тактап аягына чыгабыз деген тилек бар.

Источник: fakt.kg