Абылгазиев региондордун жашоочуларын бизнес-проект жазууну үйрөнүүгө чакырды

15 февраля 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Россия-кыргыз өнүгүү фонду менен бир гана Ысык-Көл облусу активдүү иштешип жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында айтылды.

Фонддун маалыматына ылайык, 2018-жылы Чүй облусунда 170, Ысык-Көлдө - 243, Таласта - 19, Жалал-Абадда - 82, Ошто - 166, Нарында - 7, Баткенде - 18 долбоор каржыланган.

Өкмөт башчы региондогулар эмне үчүн окугусу келбей жатканын түшүнбөй жатканын айтты.

» Ысык-Көл облусу кандай иштеп жатканын карагыла. Талас, Нарын дагы иштерди ушул багытта алып барышы керек. Фонддун каржаты бар. Адамдарды окутуу керек. Эгерде барбасаңар айткыла, фонддун кызматкерлери келип өздөрү окутушат»,- деди өлкө башчы.

Источник: kabarlar.org