Депутат: "Оорукана, мектеп, бала бакча курам деген ишкерлерге жерлерди трансформациялоо маселесин чечип берүү керек"

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

"Оорукана, мектеп, бала бакча курам деген ишкерлерге жерлерди трансформациялоо маселесин чечип берүү керек" деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, көп ишкерлердин айылдарга оорукана, мектеп, бала бакча куруп берүү ойлору бар. "Алар жеке менчик оорукана, мектеп, бала бакча курса дагы жерлерди трансформациялоо маселесин чечип берүү керек. Бул боюнча айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин пикири кандай?" - деп сурады депутат.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча мыйзам бузуулар көп болгон. Ал бул маселе боюнча кеңешип көрүү керектигин айтты.
 

Источник: super.kg