Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70 пайыз деп кабыл алды

Фото: Бактыгуль Жээнбаева
Автор: Наргиза Омурбек кызы
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Аталган жыйында "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Анда мыйзам долбоорунун демилгечиси Марлен Маматалиев мамлекеттик карыздын чегин ички дүң продукцияга карата 65 пайыз деп кабыл алууну сунуштаган.

Бирок мындай пайыздык көрсөткүчкө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева каршы.

Ал мамлекеттик карыздын чегин ички дүң продукцияга карата 70 пайыз деп белгилөөнү сунуштады. "Өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү өсүп кетиши мүмкүн. Бул доллардын кунуна байланыштуу болуп калат. Ошондуктан мамлекеттик карыздын чегин 70 пайыз деп көрсөтүп жатабыз", - деди Жээнбаева.

Депутат Сайдулла Нышанов финансы министрине бул өтө жоопкерчиликтүү иш экенин айтып, так иш алып баруу керектигин эскертти.

Мыйзам долбоорунун максаты сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу тармагындагы бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик карыздын өлчөмүн так чектөөгө багытталган.

Жыйынтыгында тармактык комитет мамлекеттик карыздын чегин 70 пайыз деп кабыл алды. Мыйзамдын күчүнө кирүү датасы катары 2020-жылдын 1-январын белгилөө сунушталды.
 

 

 

Источник: super.kg