Адылбек Касымалиев кызматтан алынды

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу

Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан алынды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал отставкага кетүү боюнча арыз жазган.

Касымалиев Финансы министрлигин 2015-жылдан бери жетектеп келди.

Эске салсак, Адылбек Касымалиевге буга чейин октябрь айында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сөгүш жарыялаган.

Касымалиев 2017-жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү тууралуу  иш-чаралар планын аткарууда кемчилик кетирген.

Өкмөт башчы мындан тышкары Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча бир катар кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырган.

Источник: maralfm.kg