КҮНСОБОЛ: Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?

Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
20 сентября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деп собол салды.

ЖАМАНГУЛОВ: "2019-жылы мамлекеттин акчасына 10 той өткөрсөк жетиштүү"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов мамлекеттик тойлорду азайтуу боюнча өкмөткө сунуш бергенин айтты.

“Өкмөт жыл сайын токтом кабыл алат. Ага мамлекеттик тойлордун тизмеси, башкача айтканда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мааракелер киргизилет. Премьер-министр эрк көрсөтүп, ашыкча иш-чараларга тыюу салышы керек. Ушул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага да тойлорду азайтуу боюнча сунуш айттым. Ал колдоду.

Жакында эле Ысык-Көлдө бир той берилиптир. Анда 200гө жакын боз үй тигилип, автоунааларды байгеге коюшуптур. Буга, албетте, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн акча жумшалган. Анын ордуна мектеп, бала бакчаны ремонттоп, ал жерге “Бул кишинин мынча жылдыгына арналат” деп жазып койсо болот эле да. Премьер-министр 2019-жылдагы бюджеттен каржыланчу тойлордун тизмесин бекитип жатканда саналуу эле иш-чараларды киргизиши керек. Менимче, келерки жылы мамлекеттин акчасына 10 той өткөрсөк жетиштүү”, - деди Жамангулов.

КАЗАКОВ: "Кыргыз өзү тойду жакшы көрөт экен да"

Мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун пикиринде, мамлекеттик тойлордон жаштар оң тарбия алышы керек.

“Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы сыяктуу иш-чаралар бар. Бирок бири-бирине атаандашып той-мааракелерди тизмеге киргизе беришкен. Ушунчалык эле той өткөргүлөрү келсе ошол демилгелеген кишилерге, шаарларга уюштурууну байлап коюш керек. Бир адам өмүрүндө бир эле жолу той-мааракесин өткөрсө жетишет го дейм. Мен билгенден 1 жылга белгиленген 105 той-мааракенин баары мамлекеттен каржыланбайт. Республикалык деңгээлдегилер гана бюджеттен акча алышат.

Кыргыз өзү тойду жакшы көрөт экен да. Тойго барып, көрүшпөй жүргөндөр менен амандашат. Муну жашыра албайбыз. Акчасы жок болсо деле тойлорго сөзсүз барышат. Мамлекеттик тойлордон бир маани калышы керек. Ар бир мааракенин жаштарга оң тарбиясы, таасири болушу шарт. Кубат бийАлымбек даткаЖусуп Абдрахмановсыяктуу мамлекетти түптөйм деп жүрүп каза болгондордун мааракелерин белгилеп, жаштарга өрнөк көрсөтсөк туура болот. Бирок бийликти мактап жүрүп, сыйлык алган кишилер 2-3 жылда эле мааракесин өткөрө бербеши керек да”, - деди Казаков.

ЖУМАЛИЕВА: “Кыргыз өлкөсү мигранттардын акчасы менен эле сакталып турат”

Жарандык активист Акбалык Жумалиева мамлекеттик бюджеттен каржыланган тойлорду эле эмес, жөнөкөй тойлорду да бир тартипке салыш керек дейт.

“Мамлекет өткөргөн тойлорго да, элдер өткөргөн тойлорго да кескин түрдө каршымын. Кайсы бир райондун мааракеси болуп жатса той эмес, марафон өткөрүшсө жакшы болмок. Көпчүлүк адамдар бир баатырдын же аймактын мааракесин өткөрүп, кыргыздын салтын сактап калабыз деп айтышат. Салтты башка форматта да сактасак болот. Тарыхыбызды, салтыбызды келечек муунга китеп аркылуу сиңдиришибиз керек. Жаштар той менен тарбияланбайт. Жөнөкөй эле кыз узатууну да эркек баланы үйлөгөндөй чыгаша менен өткөрүүнү адатка айлантып алдык. Кыргыз өлкөсү мигранттардын акчасы менен эле сакталып турат. Өкүнүчтүүсү, алардын акчаларынын баары той-топурга иштетилип кетүүдө.

Айрым учурларда бюджеттин эсебинен той өткөрүү райондук жетекчилердин да жеке кызыкчылыгы болуп калат. Мындай максаттагы тойлор элдин чөнтөгүн тоногонго барабар. Андан сырткары биздин мамлекетте майрамдардын саны да көп. Дем алыш менен эле көп убакыт өткөрөбүз. Башка өлкөлөрдө жылына 2 гана майрам бар. Булардын санын да кыскартуу керек. Бюджетибиз жарды. Той кылып, майрамдай турган абалда эмеспиз”, - деди Жумалиева.

ҮМӨТАЛИЕВ: “Той-топурдун элге пайдасынан зыяны көбүрөөк”

Экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиевөлкөдө той-топурдун көп өтүшүнө элдин экономикалык билиминин жок экени себеп деген пикирде.

“Мен мамлекет той-топурду өткөрүүнү токтотушу керек деп мурда эле сунуш айткам. Керектүү нерсени эл өзү эле жамааттын, туугандардын же жеке күч менен өткөрүп алат. Жаңылса да эл өзү жаңылат. Саясатчылар муну 3 максат менен өткөрүшөт. 
Биринчи максаты - коррупция. Мамлекеттик той өтөт деп акча топтолгон, чыгаша болгон жерде ортодон сөзсүз түрдө жардамчылар, уюштуруучулар чөнтөктөрүнө кымтый кетет. Ал көрүнүп турган иш. Бизде бардык мамлекеттин ишканалары ошондой. 
Биздин элдин базар аң-сезими алсыз болуп, экономиканы элибиз жакшы түшүнө албайт. Керек болсо орто, жогорку деңгээлдеги талкуунун катышуучулары да муну түшүнө албай келебиз. 

Экинчи максаты - бул саясий бийликти кармап калуу, улантуу. Жалпы элдин эсебинен, чакан топтун кызыкчылыгы, өздөрүнүн пайдасы үчүн тойлорду өткөрүшөт. 
Үчүнчү максаты - бул элди алдоо. Ишке көңүл буруп, көйгөйлөрдү чечкендин ордуна убактылуу элди алаксытуу. Мунун баары биздин сабатсыздыгыбыздан, куру намысчылдыгыбыздан улам келип чыгууда. Мамлекет той өткөргөндөн көрө мамлекеттүүлүктү курууга көңүл бурушу керек”, - деди Үмөталиев.

САРЫБАЕВ: "Тойго сарпталып жаткан акча - элдин акчасы, элден чогулган салык"

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевмамлекеттик мындай деңгээлдеги тойлорду чектөөнү колдой тургандыгын айтты.

"Ар бир мамлекеттик той-топурду өлкө казынасынан акча коротуп өткөрүүнүн зарылдыгы бар же жок экенин атайын талдап чыгуу керек. Жогорку Кеңеш бюджетти бекитип жатканда бул маселеге токтолуп, “кайсы иш-чарага мамлекеттин эсебинен акча сарпталарын, кайсыга сарпташтын зарылчылыгы жок экенин депутаттар эле чечип коюшу керек. Ал эми той-топурду чектөө боюнча козголгон маселе абдан туура. Анткени тойго сарпталып жаткан акча - элдин акчасы, элден чогулган салык. Аны ыгы жок эле ысырып кыла берген болбойт. Анын ордуна киреше алып келе турган салымдарга колдонуу керек”, - деди Сарыбаев.

КАДЫРБЕКОВ: "100 тойго кеткен акчага 100 улан-кызды дүйнөнүн алдыңкы университеттерине окутсак стратегиялык жеңиш болмок"

Коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун пикиринде, айрым учурларда таанымал эмес баатырлардын да мааракелери мамлекеттин акчасына өткөрүлүп жатат.

“Бир иш-чара уюштурулганда анын сөзсүз максаты болушу керек. Өлкөнүн имиджин, туристтик рейтингин көтөрөбү, баалуулуктарын таанытабы деген идеологиялык талаптары болушу шарт. Айрым той-мааракелерде каражат ашыкча сарпталып, убакыт да убал болуп жатат. Көчмөндөр оюндары сыяктуу мега долбоор болсо макул. Бирок башка тойлорго жөн эле “барып коюш керек” деген маселе жаралып жатат да. Укум-тукумунан башка эч ким тааныбаган баатырлардын да тойлору өтүп жатат.

Мамлекетибизде бюджеттин каражатын максатсыз пайдалануу жалгыз ЖЭБде же Тарых музейинде эмес, ушул сыяктуу тойлорду өткөрүүдө, маданият тармагында да болуп жатканын айткандар бар. Демек, бул да коррупциянын бир түрүнө жол ачышы мүмкүн. Той-аштардан жаштарга тарбия бере албайбыз. Тарбия тойго барып устукан жеш менен эмес, мектептерге, аскерлерге, клубдарга барып адеп маегин, сабактарын өткөрүү менен сиңет. Тарбия деген интеллектуалдык инвестиция, конференция аркылуу берилет. Азыркы той, мааракелерде өз районун мактоо, даңазалоо эле болуп жатат. Муну менен өлкөнү бириктиребизби же бөлүп жатабызбы - бул чоң суроо. 100 тойго кеткен акчага 100 улан-кызды дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окутсак стратегиялык жеңиш болмок", - деди Кадырбеков.

Источник: super.kg