«Жи Эл Макмал девелопингге» экологиялык оң корутунду берилген эмес

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
11 сентября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

«Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердүүлүгүнө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан экологиялык оң корутунду берилген эмес. Бул тууралуу аталган агенттиктин экологиялык экспертиз жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын экспети Ильясбек Сарыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясыны курулуштун 80 пайызы  бүткөндө гана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттигине документтерин жиберген.

«Бул компаниянын курулуш иштеринин долбоору кытайлык алтын иштетүүчү компаниясы  тарабынан долбоорлонуп, биздин мыйзамдарга ылайыкташтырылып тапшырылган. Анда алгач ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча долбоору жок болгон. Кийинчерээк долбоор тапшырылганда кемчиликтерди аныктап бергинбиз. Кайра алынып келинген жок», — дейт Сарыбаев.

Ал белгилегендей, компания алгач ишкананын экологиялык коопсуздугун көзөмөлдөп алган соң гана курулуш иштерин башталышы зарыл болчу.

«Анткени экологиялык коопсуздук боюнча терс корутунду болуп калса кеткен чыгымдарды ким төлөп берет?» — дейт эксперт.

Источник: maralfm.kg