Молдобаев: Абылгазиев иштей албай жатат

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
10 сентября 2018
Версия для печати

«Өкмөт алсыз болуп жатканын эл да, президент дагы көрүп турат. Кызматка кесипкөй адистер келбегендиктен өкмөттүн командасы алсыз болуп калды.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин IV жана V чакырылыштарынын депутаты  Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иштей албай жатат. Эл өкмөт башчынын ишине нааразы.

«Өкмөт башчы Ысык-Көлдө МАИ кызматкерлерин алуу маселесин айткан, бирок алар кайра көбөйдү. Ишти аткара албаган соң убада бербеш керек. Мындан сырткары телефондорду катоо, суунун өзүк наркын көтөрүү, ачык асман саясаты жана башка маселелер айтылып, бирок ишке ашпай калып кетти. Башка мамлекеттердин өкмөт башчылары бир түндүн ичинде реформа жасап жатат», — дейт Модобаев.

Ал белгилегендей, кадрларды даярдап өстүрүү, аларды шыктандыруу зарыл. Президент кадр маселесине кийлигишпөөсү керек. Себеби өкмөт бир топ маселелерди чечүүдө кенен укуктарга ээ.

«Бизде фракциялар ар бир тармакты бөлүп алган. Кадрларды дайындоодо кадимкидей соода жүрөт. Алсак, Экономика министрлигинде экономикалык билимге ээ бир да вице-премьер-министр жок. Жалпы эл күзүндө ири өзгөрүүлөрдү күтүп жатат деген нерселерден алысмын. Анткени жарандардын президентке болгон ишеними бар», — дейт Молдобаев.

Источник: maralfm.kg