"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБи үчүн 24 миллион сомго сатып алынуучу видеокамералар боюнча түшүндүрмө берди

Автор: Сталбек Абдижалил уулу
SUPER.KG SUPER.KG
30 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБине 24 миллион 640 миң сомго сатып алынуучу кошумча видеобайкоо камералары боюнча түшүндүрмө берди. Аталган ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары Исланбек Сарсейитовдун SUPER.KG’ге билдиришинче, жаңы алынуучу камералар эски блоктордогу жабдууларды байкоо үчүн орнотулмакчы.

"Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин түзүлгөн комиссия аталган борбордун бардык жагына видео көзөмөл орнотулушу керек деген жыйынтык чыгарышкан. Буга чейин да байкоочу камералар сатылып алынып, ал коомчулук тарабынан талкуу болгонун баарыбыз билебиз. Ал Бишкек ЖЭБиндеги жаңы курулган блокко коюу үчүн алынган. Эски блоктордо башынан эле видеокөзөмөл болгон эмес. Азыр ЖЭБдин бардык тарабына видеобайкоо коюлуп, алар бир экрандан көрүнүп тургандай болуп жасалат. 24 миллион 640 миң сомдун ичинде бардык видеобайкоо камералар системин орнотуу камтылган", - деди Сарсейитов.

Ушул жылдын 24-августунда "Электр станциялары" ишканасы Мамлекеттик сатып алуу порталы аркылуу 24 миллион 640 миң сомго видеобайкоочу камераларды алуу боюнча тендер жарыялаган. Ишкананын билдиришинче, техникалык системдер үчүн 155 байкоочу камера, ал эми Бишкек ЖЭБинин бардык аймагын көзөмөлгө алуу үчүн 55 байкоочу камера алынмакчы.

Источник: super.kg