Мэрия: Күз-кыш мезгилине даярдык өз убагында бүтөт

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
28 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаарынын мэриясы күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүүгө убада берди. Калаа башчысы Азиз Суракматовдун төрагалыгы алдында вице-мэрлердин, шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландык кеңешме өттү.

Анда Турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымов учурда жылуулук сезонуна карата даярдык иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди.

Андан соң отурумдун жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого даярдык дагы талкууланды. Шаардык кызматтар Ала-Тоо аянты иш-чарага даярдалып жатканын, салтанаттуу иш-чаранын планы иштелип чыкканын айтышты.

Источник: maralfm.kg