Мамэкотехинспекциясы басма сөз катчысы эмне себептен жумуштан алынганын түшүндүрдү

Автор: Жамалидин Парманкулов
SUPER.KG SUPER.KG
23 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айтууда. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев катчынын кызматтан эмне себептен алынганын SUPER.KG'ге 23-августта түшүндүрдү. Анын айтымында, Мамбеталиева мекеменин ичинде нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынган.

"Анара Мамбеталиева инспекциянын имаратында нааразычылык акциясын уюштуруптур. Мекеменин ичинде митинг өткөрүүгө мыйзам тыюу салгандыктан анын мындай аракети атайын комиссия тарабынан каралып, директор комиссиянын чечиминин негизинде аны 15-августта кызматтан алыптыр. Мен бул учурда эмгек өргүүсүндө болчумун", - деди Артыкбаев.

Инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев учурда иш сапары менен Орусияда жүргөндүктөн улам аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 
 

 

 

Источник: super.kg