Кыргызстандагы эң бир коррупцияланышкан тармак - бажы кызматы

Обратите внимание на дату публикации.

Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин калк ишеними Индексинде көрсөтүлгөн. Анда, кыргызстандыктан экинчи жолу эң бир коррупцияланышкан тармак катары Мамлекеттик бажы кызматын аташкан. 

Калктын ишеним Индекси -100дөн +100гө чейинки балл менен эсептелет. Ага ылайык, өлкөдөгү коррупциянын жалпы деңгээли 14,5 баллга жеткен. Балл жогору болгон сайын ошончолук калктын ишенимин билдирет. Өлкө жарандарына "Кайсы бир мамкызматка канчалык деңгээлде ишенесиз?", "Андагы коррупциянын деңгээлин кандай баалайсыз?" жана "Анын ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?" деген үч суроо берилген.  

Жооптордун жыйынтыгында, коррупцияга белчесинен баткан тармак катары Мамлекеттик бажы тармагы -15, 8 балл менен таанылды. Андан аркы орунда Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ИИМ турат.  

Источник: sayasat.kg