Жасалма документтер менен 2 миллион сом “жеп алышкан” чиновниктерге кылмыш иши козголду

Обратите внимание на дату публикации.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Аталган кызмат облустук прокуратура менен бирге Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бюджеттик акчаны кымырып алуу фактысын аныктады.

2014-жылдын декабрь айында дирекция Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылына спорт зал куруу боюнча тендер өткөргөн. Андан жеңип чыккан«Шияр Строй» ЖЧКсы менен 15 млн сомдон ашык суммага келишим түзүлгөн. Компания кепилдик катары алдын ала 200 миң сомду дирекциянын эсебине которгон.

2017-жылдын январь айында дирекциянын кызматтык адамдары директордун жана башкы эсепчинин кол тамгасын жасалмалап, аткаруучу компанияга 2 млн сом которушкан. Бул фактыны жаап-жашыруу үчүн ушул эле кызматкерлер 2017-жылдын август айында банктан акча которулганын далилдеген дүмүрчөктү да жасалмалашкан.

Фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 304, 171, 350 жана 315- беренелери боюнча иш ачылды.

Источник: fakt.kg