Орусиянын «РусГидро» компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Гаага сотуна кайрылууга даярданып жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Маалымат боюнча ишкана сотко кайрылуу иштери менен Кыргызстанды кабардар кылган. Ошондой эле кыргыз тараптын чакыруусу менен атайын делегация жакын арада Бишкекке сүйлөшүүгө келе турганы дагы айтылууда.
«РусГидро» кура албай калган Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Орусиянын компаниясы короттук деген 37 миллион доллар тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов менен маектештик.
Марал: Буга чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадындагы жумушчулар шаарчасын курууга кетти делген 37 млн доллар каражатты депутаттык комиссия иликтеп чыккан эле. Эми «РусГидро» кыргыз тарапты Гаага сотуна берерин эскертти. Эгер Кыргызстан соттошо турган болсо бизде соттон утуп чыгууга мүмкүнчүлүк барбы?
Акылбек Жамангулов: Гаага сотуна берүү тууралуу Кыргызстанга расмий эмес, бирок ММКлар аркылуу билдирүү келди. Бул биринчиден биздин мамлекеттин репутациясына аябай таасир этет. Экинчиден бул Кыргызстанга ашыкча чыгымдарды алып келет. Сотко катышуу жана жактоочуга канча деген акча кетет? Убагында туура эмес келишим түзүлүп, мүчүлүштүктөр кеткендиктен өлкөбүз ушундай кырдаалга дуушар болуп жатат.
Марал: «РусГидро» 37 млн долларды кайтарып бергиле деп жатат да. Бирок депутаттык комиссия курулуш иштерине кеткен каражат максатсыз сарпталганын, жасалган иштер бир топ жогорулатылып көрсөтүлгөн деген жыйынтыкка келген. Бул иште ошол эле «РусГидронун» кызматкерлери дагы аралашканы айтылган. Ушундан улам «РусГидронун» өзүнүн жоопкерчилиги канчалык?
Акылбек Жамангулов: Учурунда биз туура эмес келишимдерге кол коюп койгонбуз да. «РусГидро» ошол эле шаарчаны куруу боюнча өзүнө алган милдетти эмнеге аягына чейин аткарган жок деген суроо болуп жатат. Эмне үчүн 37 млн доллардын сарпталышына кыргыз тараптан эч ким көзөмөл жүргүзгөн эмес? Анткени ал жерде иштин баары 10 эсе жогорулатылып жасалган. Убагында мамлекет ошого кайдыгер болуп койгону үчүн азыр кайра эле мамлекеттин бюджетине оорчулук жаралып жатат. Эми 37 млн долларды кайтарып бергиле десе, биз кайсы акчабызды беребиз?
Беш жылда салынган шаарчанын канчасы тонолуп кетти? Азыр бизде эч кандай маалымат жок. Бул бир гана окуя. Мындай көрүнүштөр бизде абдан көп. ММКлар чагылдырбаган мындан дагы көп иштер бар. Мамлекеттин эмес жеке кызыкчылыгын ойлогон чоң кызматта иштеген адамдар ушундай долбоорлордон акча таба калайын деп жатып, мамлекетти карызга батырган учурлар өтө көп.
Марал: Бул долбоор ушул бойдон ара жолдо калып калбаш үчүн өкмөт инвесторлорду кантип тартыш керек? Бул жаатта кандай иштер жүгүзүлушү зарыл?
Акылбек Жамангулов: Жаңы өкмөт инвесторлорду тартуу боюнча катуу иш алып барышы керек. Себеби энергетика тармагында Кыргызстандын абдан чоң мүмкүнчүлүгү бар. Азыр CASA 1000 деген эл аралык ири энергетикалык долбоор ишке ашууда. Бул долбоордун алкагында өндүргөн электр энергияны эл аралык рынокго сатууга мүмкүнчүлүк болот. Өкмөт инвесторлор менен жакшы сүйлөшүп, реалдуу инвесторлорду алып келсе болот. Бирок, тилекке каршы аларды Кыргызстанга тартып келүүгө өкмөттүн дарамети канчалык аны билбейм. Себеби бул жаатта кайсы вице-премьер-министр иштеп жатат же кайсы мамлекеттик орган иштеп жатат так эмес.