Темир Сариев УКМКга сурак берип чыкты

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты.

Сариев журналисттерге билдиргендей, УКМКга ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Сурак берүү убактысы болжол менен 2 саатка созулду.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
 

 

 

Источник: super.kg