Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 23-майда Баткен облусуна жумуш сапары менен барып, анын жүрүшүндө Лейлек районунун Исфана шаарындагы селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, вице-премьер-министр Чымган жана Бешбала айылдарындагы селдин кесепетинен жабыркаган турак үйлөр жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, ошондой эле суу каптаган көпүрө жана дамбалардын абалы менен таанышты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, Лейлек районунда бир нече жолку сел жүрүүнүн натыйжасында 31 турак үй жана 34 чарбалык объектке зыян келтирилген.
Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Разаков үйлөрү камсыздандырылган жабырлануучуларга белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилерин белгиледи.
"Өз үйлөрүн камсыздандырбаган жабырлануучуларга жардам көрсөтүү маселеси өз алдынча каралат. Муну менен бирге буга чейин кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тартып, өз үйлөрүндө жашоону улантуу менен өздөрүнүн жана туугандарынын өмүрүнө коркунуч алып келген жашоочулардын жоопкерчилиги каралмакчы", – деди ал.
Ал эми көпүрө менен дамбаларды калыбына келтирүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде караларын кошумчалады.