«Кыргызтелекомдун» жетекчиси кызматтан алынды

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Кыргызтелеком» ААКнын башчысы Марат Каратаев кызматтан алынды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Ошондой эле, компаниянын башкаруучулугунун үч мүчөсү — Мирлан Карабукаев, Жумамүдүн Жумалиев жана Аскар Исаков дагы кызматынан бошотулган.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Эми директорлор кеңеши компаниянын жаңы жетекчисин эки күндүн ичинде шайлашы керек.

Эске салсак, Марат Каратаев «Кыргызтелекомдун» башчылыгына 2017-жылдын 28-октябрында дайындалган.

Источник: maralfm.kg