Ниязалиева: Кызматтан кеткендердин бир тобуна кылмыш ишин ачса болот

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Өкмөткө эки вице-премьер-министр жетиштүү, алардын санын кыскартса болот. Мындай пикирин мурунку вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министрликтерди агенттиктерге алмаштырган менен кызматкерлер өз ордунда иштеп жатат. Андыктан оптимизацияны кылдатык менен карап, сапрталган акчаларды анализдөө зарыл.

«ЖКнын моралдык жоопкерчилиги каралышы керек. Эмне үчүн аткаруу бийлигинде иштегендердин жоопкерчилигин карабайбыз? Кызматтан кеткендердин бир тобуна кылмыш ишин ачса болот. Жумуштан кетирип эле койбой, күнөөсү босло камаш керек. Кайсыл өкмөт башчы бир дем алыш күндө өз программасын түзө алат? Өкмөттүн программасын угуп, аларды ишке ашырууга канча убакыт керек экенин тактап алуу кажет», — дейт Ниязалиева.

Анын белгилегенине караганда, ар бир тармак реформага муктаж. «Колу кирлер» мамлекеттик кызматка келбеши керек. Ага кошумча инвесторлорду коргоо маселесинде туруктуулук жок болууда.

Источник: maralfm.kg