Кыргызалтын депутаттын билдирүүсүнө жооп кайтарды

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Кыргызалтын» ААКы Тогуз-Торо районундагы «Жи Эл Макмал Девелопинг» фабрикасынын ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук кылбаганын билдирди.

Мекеменин айтымында, 11-апрелде болгон окуяда «Кыргызалтын» ишканасынын комбинатына да бир нече жолу чабуул болгон. “Макмал алтын” кызматкерлеринин каршылыгы жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасынада гана чыңалуу жөнгө салынган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бүгүн, 12-апрелде «Кыргызалтын» ААКы кытай инвестору каржылаган «Жи Эл Макмал Девелопинг» фабрикасынын ишмердүүлүгүнө бут тосуп жатканын билдирген.

Источник: maralfm.kg