«Манас» аэропорту Илан Шорго ижарага берилгенби?

Автор: Анара Бакытбекова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Өкмөт «Манас» Эл аралык аэропортун молдовалык Илан Шор аттуу жеке ишкерге иштетүүгө ижарага берди. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов айтып чыкты.

Анын айтымында, аэропорт каражат табуучу жер. Аны жетекчилиги өздөрү ишететип акча табуусу керек. Өкмөт мамлекеттик ишкананы молдовалык ишкерге берип, бизнеске айландырууда.

Икрамов буга ким жооп берерин белгиледи.

Андан тышкары, депутат аэропортто учактарга күйүүчү май куйган «Интек» деген компания кимге караштуу экенине кызыкты. Ошону менен бирге тамак берүүчү жайлар да жеке адамдарга берилип кеткенине тынчсызданды.

-Аэропорттон жакшы каражат түшөт. Ал каражаттарды карылар үйүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жумшаган жакшы болуп турат.

Сөзүнүн аягында Тазабек Икрамов өкмөттөн аэропортту ижарага алган компания тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

Айта кетсек, «Манас» аба майданын ижарага алды делген бизнесмен Илан Шор Орусиялык ырчы Жасминдин жолдошу катары көпчүлүккө таанымал

Источник: maralfm.kg